Горбачевдук кайра куруунун жана 90-жылдардын башындагы эркиндиктин эйфориясынын учурунда биздин демократтар алды жагыбызга баладай бажырайып, элирген кыял, эргиген романтика менен караган. Айтылуу КДК баш болуп, биз ошондо бат эле демократиялык кереметти курарыбызга, тез эле Азиянын «жолборсторун» (Түштүк корея ж.б.) кууп жетерибизге, тоолук пенденин демократия жаатында тоону томкороруна ишенгенбиз.

Кыргызстанда 30 жыл өкүм сүргөн кризистик кырдаалдын тарыхы, биздин демократиялык утопиябызды жана романтикалык иллюзияларыбызды ашкерелеп, акыры өзүбүздүн улуттук кыртышыбызга, улуттук топурагыбыздын өзгөчөлүгүнө көздү чоң  ачып, сын көз менен кароо зарылдыгына түрттү. Биз реалист эмес экенбиз. Биз бооруна Швейцарияны курабыз деген Кыргыз тоолору, польшалык журналист жазгандай, “сейсмикалуу” болуп чыкты. Географиялык тоолорубуз гана эмес, биздин социалдык кыртышыбыз да “сейсмикалуу”.        

Социалдык кыртышыбызда дайыма “жер титирөөлөр” болуп тураары чындык. Ушундай кыртышта тез эле батыштык типтеги демократиянын имаратын тургуза коюга болобу? Эки буту кандай кыртышты басып турганына эсеп бербей, Ала - Тоонун ашууларында, тескейлеринде, кокту-колотторунда тарыхый «күткүлөрдүн» али эрибей жаткандыгын эске албай, биздин романтик демократтар демократиялык жаркыраган - жайдын келишин кескин түрдө тездетүүгө ашыгышкан эле. Бирок алардын демократияга романтикалык махабатынын кайыгы Кыргыздын тоңу эрибеген кыртышынын урчуктуу таштарына тийип, ала салбадыбы.

Өзүбүздү өзүбүз терең үйрөнүп, өзүбүздү өзүбүз терең таанып, өзүбүздүн тарыхый даярдыгыбызды жана ресурстарыбызды, менталитетибизди ар тараптан өлчөп, алды жакка реализм менен караган социум катары сахнага чыгууга али чабалдык кыларыбыз ачыкка чыгып калды.

Ырас, Кыргызстанда демократиянын өнүмдөрү жана башталмалары көк бүчүр түрүндө болсо да көз жарды. Бирок эгемендүүлүктүн учурунда кыргыз калкынын 1917- жылга чейин көчмөндүк-патриархалдык, жарым феодалдык түзүлүштүн кучагында кала берген бөтөнчөлүү шартынан улам, ошондой эле XX кылымдын цивилизациясына өнүгүүнүн зарыл тарыхый тепкичтерин аттап өтүп келген спецификалуу тагдырына байланыштуу күтүүсүздөн келип чыккан проблемаларга, көйгөйлөргө проблемаларга да күбө болуп отурабыз. Бир сөз менен айтканда, биздин ачуу тажырыйбабыз тоо арасындагы тоңу али эрибеген тарыхый кыртышка (граждандык жана укуктук маданияттын жетилбегендигинин шарттарында) европалык типтеги либералдык демократияны дароо күргүштөтүп киргизип жиберүүнүн кыйла опурталдуулугун далилдеп койду. Биз муну кечигип аңдай баштадык.

Ырас, кыргыз калкы узак тарыхы бар, адептик-ыймандык сапаттарга бай, меймандос, жөнөкөй, жоокерчилик замандарда баатырлыгын даңазалап келген эл. Бирок жашырганда не, турмуштун жанагындай буржуазиялык курсунан такшалып өтпөгөндүгүнө, өз жолунда укуктук мамлекеттин режиминде жашап, граждандык коомдун тарыхый сабактарын жакшылап албагандыгына байланыштуу кечөөкү тоолук көчмөндөр чукулунан демократия, эркиндик тартууланган учурда өз менталитетинин көйгөйлүү жактарын да көрүнөөгө чыгарып таштады. Көпчүлүк массага, кыргыз обывателине эркиндиктин, демократиянын европалык маанидеги философиялык маңызы адекваттуу жете койбоду. Тоолук массалык адамдын мээсине эркиндик деген нерсе, көбүнчө өзүмдү өзүм билет экемин, өтүгүмдү төргө илет экемин маанисинде жетти окшоду. Баарыбыз күбөбүз го, бизде жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат дегендей көрүнүш орун алды. Эркиндик берилгенде эл тиректери, журт көсөмдөрү деген өкмөт чиновниктеринин мамлекеттик казынаны массалык түрдө таламайга алуусу көз алдыбызда болуп өттү. Уруулук психология өзүнүн архаикалык «азуусун» көрсөтүп, көрүнөөгө чыкты. Эркиндик учурунда, демократия кыргыздын мыйзам тоотпочулугунан азап чекти. Экономикабыз криминалдашты, коррупциянын, «прихватизациянын» арааны журду. Эркинмин деп, ата-бабанын ыйык топурагын тепсеп, далайлаган кыргыздар белек, чоочун диндерге өттү. Трайбализм, регионализм оорусу активдешти. Өзгөнүкү дегенде аны-муну ишим бар, өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар деген принцип араанын ачты. Киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук, тоноолор, кыз ала качуу, сойкулук, наркомания, аракечтик, бирөөлөрдүн укугун уятсыздык менен тепсөө, оргу-баргы агрессивдүү жүрүм- турум, соттордун беймыйзамчылдыгы, «менин милициям мени тонойт» маселеси күч алды. Жер-жерлерде рационализмге, логикалуу платформага негизделбеген спонтандуу, эмоционалдуу массалык чыгуулар, демогагияны ээрчиген көчө жүрүштөрү, анархизм жыттанган ураандарды көтөргөн охлократия «куйругун чагарактатып» каалагандай дан салды. Бул процесстер биздин кыртышка сиңген коммунисттик догмалар жана көнүмүштөр менен коштолду. Мамлекеттик органдардын имараттарын басып алуулар (албетте, бул жерде кээде мындай жагдайлардын өлкөдөгү жакырчылыкка, башаламандыкка жана чиновниктик акыйкатсыздыкка адамдардын чыдабай калгандыгынан чыккандыгын да эсепке алышыбыз керек. Бирок жарандардын нааразылыгы мыйзамдуу, цивилизациялуу жолдор менен билдирилбегендиги да көрүнөө турган факт),    талап-тоноолор, мыйзамсыз жолдорду тосуу, жаат, жаат болуп өз ара тирешкен, акчага сатылган агресивдүү пикеттер, аймактардагы өз алдыбызча болобуз, бөлөк жака кошулуп кетебиз, нарынга өз президентибизди шайлайбыз деген сыяктуу ар кандай ураан чакырган провинциялдык стихия жогорудагы негативдүү процесстерди өзүнүн апогейине жеткизди да, акыры өлкөбүз граждандык уруштун чыгып кетүү коркунучуна келип такалды. Мындай кыргызбайчылык «демократиядан» эл чарбасы азап чекти, экономикабыз жабыр тартты.

Учурунда Россияда п.я.Чаадаев менен улуу ф.Достоевский Россияны Европага салыштырып, орус мужигинин ич жактан цивилизациялашпагандыгына, маданиятташпагандыгына тынчсызданышкан экен. Ушуга байланыштуу бщгщнкщ россиялык окумуштуу В.А.Бачининдин тёмёнкщ сёзщнё кёъщл буруп ётёлщ: «Достоевского удручало культурно-историческая «недосиженность», «недовыделанность» русского человека, который не прошел тех гражданских наук и тех исторических уроков, что были уже усвоены европейцами. И страшно было бы вообразить, что произойдет, если такой «недовыделанный» человек преждевременно вырвется в вторцы истории» (В.А.Бачинин. За человека страшно мне. –М., 1999, 19-б.) В.А.Бачининдин бул жазганы бщгщнкщ Кыргызстанга кёбщрёёк тиешелщщ десек жаъылышпасак керек.

Коомубуздагы бул көрүнөө турган фактылардан улам кандай жыйынтык келип чыгат? Эн соңку тарыхый тажырыйбабыз бизди мына мобуга ынандырып отурат. Мамлекет деген мамлекет болуш керек экен. Мамлекеттин башкаруу функциясын биздегидей алсыздандыруу, бийликти чукулунан либералдаштырып жиберүү, мамлекеттик бийликтин авторитардык механизмдерин эртелеп демонтаждоо, административдик рычагдардын күчүн мокотуу, тоонун тоң кыртышынын социалдык сейсмикалуулуктун шарттарында өзүн-өзү башкарууга толук ишенип алган интеллигенттик утопизм, муну менен катар тартууланган жээги жок демократия жана тизгини жок боштондук, биздин мыйзамдык- укуктук, граждандык маданиятыбыздын тартыштыгынын кырдаалында, уруулук-феодалдык психологиядан жана көнүмүштөрдөн эркин эмес кыртышта башаламандыкты, анархияны жаратып, мамлекеттүүлүктүн өзүн кыйратып коюшу мүмкүн экендигин көрдүк. Көрсө, биздин ичибизде жакшы, адамкерчиликтүү касиеттер менен бирге эле, кечөөкү патриархалдык-эпикалык, феодалдык-уурулук өтүмүшүбүзгө байланышкан архаикалык «зверь» (Достоевский) (бул «зверди» сталиндик -тоталитардык катаал бийлик сыртка чыгарбай кемээчтеп, жолун бөгөп турган) дагы отуруптур. Эгемендүүлүктүн тушунда жогоруда көрүнгөндөй, ушул «зверь» - көмүскөдө бугуп жаткан деструктивдүү потенциал (бөтөлкөдөгү жин) тышка атып чыгып, далай драмаларды жаратты.

Биз парламенттик башкаруу формасына эртерээк ётщп алдык («чабал ёрдёк мурда учат»). Тарыхый даярдыгыбыздын, тарыхый ёнщгщщбщздщн деъгээли буга жете элек. А тщгщл бщтщндёй Борбордук Азиянын «сейсмикалуу» социалдык кыртышына парламенттик башкаруу формасы ылайык келбейт деген ойдобуз. Президенттик - парламенттик  башкаруу ёнщгщщнщн азыркы тарыхый тилкеси щчщн зарыл форма. Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан, дагы эволюциялык жолду басып, адам факторун жетилтип отуруп, анан парламентаризмге клегени оъ.

Бул айтылгандардан улам, жанагы «зверди» кемээчтөө үчүн Кыргызстанда диктатураны, тоталитардык чоң союл бийликти кайра орнотуш керек деген жыйынтык келип чыкпайт. Кыргызстанга мыйзамдардын диктатурасы керек, мыйзамдарды иштете турган күч-кубаттуу мамлекеттик башкаруу зарыл. Дегеле, бүгүн биздин саясатчы билермандардын жана социалдык философтордун алдында өзүбүздүн чөлкөмдүн спецификасына ылайык келген мамлекеттик бийликтин концепциясын иштеп чыгуу зарылдыгы туулуп калды. Биздин оюбузча, бир нерсе анык болуп турат. Европалык эмес, азиялык-агрардык Кыргызстан үчүн бийликти борбордон ажыратуу, жогортон төмөн карай болуучу бийликти демократиялык мода үчүн күчсүздөндүрүү (Кыргызстандагы массалык адам Европадагы немис же англичанин сыяктуу мыйзамдык негизде өзүн өзү башкарууга жөндөмдүү инсандык- интеллектуалдык, маданий деңгээлге көтөрүлүп чыга элек), мамлекеттик ордонун административдик башкаруу туткаларын демонтаждоо опурталдуу иш экендигин жана мындай кылуу элеттик шарттарда өкмөттүк, мамлекеттик бийликти шалтурукка айландырып, ар кимдин өзү билүүчүлүгүнө кеңири жол ачарын өз көзүбүз менен көрдүк.

Дагы бир жолу баса айталы, биздин тоо арасында жанагындай граждандык жана укуктук маданияттын керектүү даражада жетиле электигинин шарттарында, күндөлүк көр тириликтин ичиндеги көпчүлүк жарандарда улуттук өзүн өзү аңдап түшүнүүнүн начар өнүккөндүгүнүн көрсөткүчү болгон өйдөтөгү уруучулдук психологиянын, трайбализмдин, регионализмдин жандуу аракетте тургандыгынын шарттарында, эркиндик ээнбаштыкка, өзүн өзү башкаруу өзүм билемдикке, демократия элет жерлеринде охлократияга айланып кетүү опурталдуулугунун, карапайым көпчүлүктүн кыйкырып ураан көтөргөн регионалдык демагог — лидерлерди, уруунун чоңдорун, ар кандай жергиликтүү популистерди топурап ээрчип кетүү мүмкүндүгү жок эмес экендигинин кырдаалында, кедейчилик абалда турган карапайым элдин социалдык абалын кескин жакшыртуу үчүн өлкөнүн кубаттуу экономикалык ресурстарга ээ эмес экендигинин шарттарында Кыргызстанда күчтүү жетекчиликтин, кубаттуу мамлекеттик бийликтин, күчтүү президенттик башкаруунун зарылдыгын моюнга алышыбыз керек. Күчтүү мамлекеттик цивилизациялуу (деспотиялык эмес) бийлик кыргыз коомундагы тартипке, стабилдүүлүккө, мыйзамдуулукка гарант болуп турушу керек. Күчтүү мамлекет жетиле элек гражданиндин мамлекеттин негизин кыйрата турган эгоизмин жана анархизмин, соттордун беймыйзамчылыгын, чиновниктердин бюрократиясын, коррупциясын, криминалдуу дүйнөнү, мафиялык топтордун араанын ооздуктоо, коомдогу социалдык жана экономикалык процесстерди регулировкалоо үчүн, улуттук турмушту тыштан жана ичтен бүлдүрүүчү факторлорго карты туруу үчүн зарыл. Көптөгөн мамлекеттер кризистен күчтүү тартиптин жана бийликтин жардамы менен чыгып кетишкендиги тарыхый тажырыйбадан белгилүү го.

Өзүнүн тарыхында ар кандай радикалдуу           реформалардын, революциялардын жана төңкөрүштөрдүн тилкелеринен өткөндөн кийинки бүгүнкү Европа капчыгайлардан буркан-шаркан түшүп агып өтүп, түзгө түшкөндө мелмилдеп тынч агып калган дайраны элестетет. Ошол башынан көптү өткөргөн Европанын философтору менен саясатчылары бүгүн эркиндиктин, демократиянын относителдүү нерсе экендигин, абсолюттук эркиндик деген жок экендигин, эркиндик, эмансипация дегендердин жоопкерчилик, морал, укук менен бекем айкалышканда гана маңызы болорлугун, жээги жок демократиянын жана тизгини жок эркиндиктин мамлекеттин негиздери үчүн коркунучтуу экендигин туюнушуп, биринчи иретте, адам жамаатына стабилдүүлүк, өтмө катыштык, уланып келеткан салтты сактоо, тартип, бөлүкчөнүн бүтүнгө баш ийиши зарыл экендигин, мамлекет кубаттуу интегратор жана стабилизатор катары коомдун башында туруш керектигин тастыктап жатышат. Маселен, бүгүнкү Германияда жеке адамдын укуктарын сакталышына гарант болгон, тартипсиздикке жана хаоско каршы турган күчтүү мамлекеттин приоритеттүүлүгү идеясы популярдуу. Бул жакта немец адамынын укуктук жана өздүк маданияты, тартиби жогору болсо да, баары бир мамлекеттин функциясын граждандык коомдун институттарына өткөрүп берүү улут тагдыры үчүн опурталдуу деп эсептелинет.

Демек, биз олуттуу ойлонушубуз керек. Кыргызстанда, демократиялык процесстер акырындык менен тамырлап, кеңейип, өсүп жүрүп отурушу керектигин, адам факторунун тарыхый жактан «ала бөйрөктүгүнө» байланыштуу бизде демократиянын революциясы эмес, эволюциясынын кажеттигин, тескерисинче, мамлекеттин уюштуруучулук функциясын активдештирүүнүн зарылдыгын, демократиялык реформаны жүгрүзүүдө мамлекет башкы инструмент экендигин, биздин жергиликтүү шартта күчтүү президенттик – парламенттик  бийликтин керекчилигин терең туюунууга мезгил жетти. Ушул жагынан Караганда политолог А.Н.Соловьев туура жазат: «Демократическое государство не может ограничиваться ролью «ночного сторожа», и должно имет право регулировать экономические и социальные процессы, укреплять в обүестве справедливость и предотвраүать конфликты»

Мыйзамдардын диктатурасын орното билген кубаттуу мамлекеттик бийлик бүгүнкү улуттук өнүгүүбүздүн муктаждыгы. Президенттин эгоцзмин, негативизмин ооздуктоо үчүн так иштей турган мыизамдык механизмдер  терең расмий документтерде иштелип чыккан болуп керек. Кеп бул жерде Президенттик башкаруу формасынын өзүндө эмес, Президенттин ошол башкаруу формасынын мүмкүнчүлүгүн элдин жыргалчылыгы үчүн пайдалана билүү жөндөмдүүлүгүндө жана даанышмандыгында. Президенттик башкаруу формасынын өзүндө айып жок. жогоруда көрүнгөндөй, социалдык кыртыштын өзү «сейсмикалуу». Демек, ушул “сейсмикалуулукка” ылайык башкаруу инструментин тандоо кажет. Биздин чөйрөдө назик, либерал - интеллигент, либерал - демократ жетекчи кышкы аяздагы гүлгө окшоп калары да чын. Дагы бир жолу айталы, Президенттик күчтүү бийлик рационалдуулукка Караганда эмоционалдуулук басымдуулук кылган, кылмыштуулук жагынан дүйнөдө 10-орунду ээлеген азиялык-агрардык Кыргызстан үчүн зарыл нерсе. Ал эми парламенттик башкаруу кыргыз  шартында Жогорку Кеңешти «Чыр дөбөгө» айлантып, ёлкёнщ  чоң көйгөйгө кабылтышы мүмкүн.

Кыскасын айтканда, президент өзүнүн улут кызыкчылыгын көздөгөн ички, тышкы калыс, өрнөктүү саясаты менен өкмөткө жана парламентке үлгү болуп. опозиция жана партиялардын талаптарын эске алып, сын-пикирлеринен жыйынтык чыгарып, алар менен тил табышып, күчтөрдү баш коштуруп, мамлекеттик бийликтин күч-кубаттуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кыла алса, анда Кыргызстан бүлүндүргүч стихиялуу социалдык процесстерден тышкары болуп, тартиптүү нукка түшүп, мыйзамдык режимде, тынч түзүүчүлүк эмгек менен илгерилей бермек.

Советбек Байгазиев, Булак: “Майдан. kg” гезити