- Каронавирустан каза болгондордун саны азайып, ага кабылгандар басаңдаганы илдетти жеңгенибизден кабар береби же абал дагы деле опурталдуубу?
- Азырынча эпидемияны жеңе элекпиз. Байкап көрсөңүз борбордо иштегендердин көбү эс алууга кетишти. Малчылык менен алектенип, жер менен иштегендер өз чарбаларына жараша ар кайсы жакта жүрүшөт. Эми августтун аягында эмгек өргүүгө алганга кеткендердин эс алуулары бүтүп, июлда илдеттен каза болгондордун кыркылыгы өтүп, элдер куран окуткан жерде топтоло баштайт. Дагы вирустун экинчи толкуну жайылат. Ошондой эле тымызын тойлор башталат. Анан кооптонгон абал дагы башталат. Буюрса, бул жолу июль айындагыдай көп жоготуу болбойт. Анткени, медиктер айыктыруу жолдорун билип калышты. Элдер да жата бербей илдеттин белгилерин байкалаар замат дарылануу керек экенин түшүнүп калышты. Ошон үчүн коронавирустун кийинки толкундарында өлүмдүн саны июль айындагыдай болбойт деп ойлойм. Бирок, сентябрь айында ковидге мурунку грипптер кошулат. Сентябрь, октябрь айында илдет күчөйт. Анткени, ковид менен кыргызстандыктардын 10 эле пайызы ооруду. 90 пайызы ооруй элек. Күзгү толкунда 1-2 миллиону ооруйт. Ошон үчүн күзүндө эпидемия күчөйт деген маалыматтар айтылып жатат.
- Эмеге адам өлүмү көп болуп кетти. Эл илдетке кабылганын сезген жокпу же ооруканалар жетишсиз болдубу?
- Бул жерде үч тараптуу катачылыкка жол берилди. Биринчиден, алдын ала маалымат берген эксперттер өкмөттү “14-15-апрелде коронавирус боюнча пик болот” деп тынчытып коюшту. “Эң көп саны алты миңге, анан 14 миңге жетет” деп ойлошту. Ошондой эле илдет менен күрөшүүдө шалаакылыкка жол берди деген Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, Каржы министрликтери убагында Кыргызстан үчүн бөлүнгөн акчага дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды, керектүү дарыларды алып, дарыгерлер тобун илдеттен сактануу жана сакайтуу жолдорун окутушкан жок. Ошон үчүн баш-аягыбызды таппаган абалга кептелдик. Өкмөт болсо тыштан келген каражатты туура эмес жумшап илдеттин күч алышына мүмкүнчүлүк түздү. Ал аз келгенсип биздин дарылоого сунуштаган протоколубуз да туура эмес болду. Ошонун кесепети да көп адамдардын өмүрүн жалмап кетти. Айтайын дегеним, башында “бул кадимки эле сасык тумоо, суук тийип калды, суу ичип, парацетамол ичип, үйдө жата бер” деген кеңештер берилди. Биз башынан эле “коронавирус өлүмгө алып келет” деп чырылдап, анын кесепеттерин айтып жаттык. Эмнегедир ага башында анча маани берилген жок. Ошон үчүн эл башында ковид менен ооруп жатканына ишенгиси келген жок. Уяттуу оору болгондуктан, “суук тийип калды” же “кондиционер уруп койдубу” деп ойлошуп, учурунда дарыланбай жүрө берип, көбүнүкү оор түрүнө өтүп кетти. Ошонун айынан өлүм көп болду. Экинчиси, ооруканалар, илдеттен сакайтчу дарылар, илдеттен сакайтчу медиктер да жетишсиз болду. Бул жагдай да өлүмдүн көп болгонуна себепкер болду. Кыскасы, элди тооруган дарт мамлекеттин түйшүгүн ого бетер көбөйттү. Мына ушундай жагдайдан улам илдет күч алып, өлүм көп катталып кетти. Илдеттен өлгөндөр бир жарым миңди чамалады деп айтылганы менен андан көп болушу мүмкүн. Кимиси коронавирустан, кимиси инсульт, инфаркттан өлгөнү акыры ачыкка чыгат. Негизи көпчүлүгү эле ковидден кетти. Баары акыры тастыкталат.
- Айрымдар экинчи толкуну болбойт десе, кээ бир мамлекеттер үчүнчү толкуну башталганын айтышууда. Кээ бир адистер “Бул грипп эмес, бир каптайт да анан кетет” деген ойдо. Кимисине ишенсек болот?
- Биринчи, экинчи, үчүнчү толкун дейбиз бирок, илдетке кабылган башка мамлекеттерде абал кандай экенин карашыбыз керек. Айтайын дегеним, Европада карантинден кийин ооругандар азайганы менен карантин бүткөндө кайра илдетке кабылгандар көбөйө баштады. Анткени, вирус эч жакка кеткен жок. Бирок, баштагыдай өлүм көп болбой калды. Анткени, ооруну таптакыр айыктырбаса дагы илдетти баскан дарылар табылды. Аны дарылоо ыкмалары кеңейди. Кыргызстанда деле ушундай эле көрүнүш орун алат.
Ковид инфекциясы эч жакка кетпейт. Көрсөткүчтөр азайганы менен самолёттор учуп, транспорттор жүрүп баштаганда күч ала берет. Ошон үчүн эрежелерди так сактап, болушунча сактанышыбыз керек. Ошондой эле той-топурду токтотуп, эл чогулган жерден качышыбыз шарт. Болбосо илдет мурункудай эле тарай берүү кооптуулугу күч.
- Коронавирус менен ооругандар кайра оорубайт дегенге ишенсек болобу ?
- Ооругандар кайра оорубайт деген да маалыматтар бар. Ошол эле учурда ооругандар экинчи ирет ооруса ого бетер кыйналаарын айткандар да бар. Бул маселе боюнча дүйнөдө эки көз караш бар. Бири оорубайт десе, экинчиси кайталап ооруй берээрин айтышууда. Менин иммунитет болуп калаарына ишенгим келет. Бирок, илдетке кабылгандар кайра ооруса экинчи ирет мурункудан да катуу кыйналат дегендерге кошулам. Анткени, биринчи ооруганда күчтүү дары-дармектерди алып, иммунитети абдан начар болуп калган. Экинчи жолу ооруганда ого бетер кыйналышы мүмкүн.
- Бул илдет менен балдар көп оорубайт дегенге ишенсек болобу?
- Балдар ооруйт. Оорумак турсун илдетке кабылгандан кийин кавасаки синдрому деген илдетке кабылып калышаарын айтылууда. Айтайын дегеним, биринчи Америкада байкалган. 2 жаштан 15 жашка чейинки 15 бала кавасаки синдромуна кабылган. Андан кийин бул илдет Казакстанда ковид менен ооруган балдардан табылган. Ковид менен ооруган балдар сейрек кездешүүчү илдетке кабылып жатышканы да сак болууга үндөйт. “Балдарга жукпайт экен”- дебей, балдарды оорутпай калуунун аракетин көрүшүбүз керек. Анткени, ковид оңой вирус эмес. Ал бир канча илдетти козгоп, анан оор синдромдуу илдеттерди козгоору маалым боло баштады. Ошон үчүн илдетти “тоготпойм” дебей, сак болушубуз керек. Эрежелерди да так сакташыбыз зарыл. Болбосо кесепетин тартып калаарыбыз анык болуп калды.
- Баса, Кытайда кенелер аркылуу жуккан SFTS вирусу 7 адамдын өмүрүн алганы маалым болду. Ал илдет да коронавирустай дүйнөгө жайылып кетпейби?
- Кытайдагы өлүмгө жеткирген инфекция кенеден табылганы боюнча маалымат тарап жатат. Кене жазында пайда болуп, кышында жок болгон үчүн коронавирусчалык бат тарабайт деп ойлойм. Кытайлар кенеден тараган вирусту биротоло жок кылганга болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт деп ойлойм.
Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити