Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кеткенин жарыялады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп 2018-жылдын 20-ноябрында дайындалган.

Туризм департаментин ага чейин азыркы маданият министри Азамат Жаманкулов жетектеген.

Булак: Маралфм