Бирок анын себебин түшүндүргөн жок.

Төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп ушул жылдын 6-февралда шайланып, телеканал менен коомчулуктун ортосундагы байланышты күчөтөрүн айткан.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.

Байкоочу кеңештин жетекчиси добуш берүү аркылуу шайланат.

Булак: Азаттык