"Коронавирустун жуга турган негизги жери - бул кишилер топтошкон жайлар экени анык болду. Эки кишиби, беш кишиби же отуз-кырк кишиби - бары бир, топтошуп бир топ убакыт чогуу болуу - инфекциянын таркашынын негизги булагы экен. Ошондуктан  көп киши чакырылган аш-тойлордон баш тартуу менен катар  чайлашуу, баарлашуу, шерине же дагы ушул сыяктуу беш-он киши жолугуп өткөрүлө турган топтошуулардан да баш тарта туруу эпидемияны токтотуу үчүн зарылчылык болуп калды. 

Маска тагынуу,  жеке тазалыкты сактоо, колду кайра-кайра жууп туруу, кол менен ооз-мурун-көздү кармалап, ушалабоо... сыяктуу  зарыл шарттар менен катар  топтошуп отурбай коюу - башкы эреже болгону дурус.  

Бирок,  автобус, бусик, такси маселеси өтө оор, бул көйгөйдү кандай чечүү керек - билбейм. Ойлонуу керек...", - деп жазды Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына.