Жаңы алгоритмдер:

  • Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн

- Сапар алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;

- Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;

- Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда обсервацияга жатат;

- Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан аркы маршрут боюнча жүрө алышат.

  • Чет элдик жарандар/жарандыгы жок жактар – чет элдик адистер, Кыргызстандын аймагына эмгектенүү үчүн келгендер

- Тиешелүү мамлекеттик органдар уруксат берүүчү документтерди кабарлоо үчүн берет;

- Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт ;

- Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЧР талдоо жүргүзүү, ооруканага жаткыруу керек;

- Клиникалык белгилери жок адамдар ПЧР анализдин жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барышы керек;

- ПЧР анализ таза чыккан учурда аларга жумушка чыгууга уруксат берилет.

  • Кыргызстанга автоунаа менен келгендер

- Бет кап режимин катуу сактоо керек;

- Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;

- Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЧР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу иштери жүргүзүлөт. Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулуп,андан ары маршрут боюнча жиберилет.

Булак: Баракелде