"Авиациялык бийлик ортосундагы жетишилген сүйлөшүүлөргө ылайык эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 7-августунда Турция Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары менен жандандырылды”, - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.
Ошондон улам, төмөнкү каттамдар аткарылууда:
-«АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек -Анталья- Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу;
-«Турция авиалиния» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;
-«Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек- Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;
-«ФлайДубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 1 жолу.
Каттамдар жана билеттерди сатып алуу маселеси боюнча авиакомпаниялардын сайттарынан маалымат алсаңыздар болот.