"Россияда биздин жарандардын талап-тоноочулугу, өзүнүн эле жердештерин "сызга отургузуп кеткени" боюнча фактылар аз эмес. Россиянын мыйзамы боюнча алар кылмыш жасалган жердин, башкача айтканда Россиянын мыйзамына ылайык жаза өтөшү керек. Мен аларды жаза мөөнөтүн өтөөнү Кыргызстанда улантуу үүн экстрадациялоо керек жана ушул жакта аларды "тарбиялоону" колго алуу керек деп эсептейм. Кадыровдун ыкмасы боюнча өз кылыгы менен улутунун ар-намысына шек келтирип, атын жаманатты кылып, биздин мигранттар тууралуу башка элдин начар пикирин жараткандарды мажбурлап алып келүү зарыл", - деп жазды экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов.
Эске салсак, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жакында Россияда ар кандай мыйзам бузууларга барган, одоно жоруктары менен башкаларга терс таасир калтырган жүзгө жакын улутташын мекенине кайтарды. Ал мындай жарандарын өз жеринде тарбиялоону туура деп эсептеген.