- Каныбек агай, Кыргызстан элдин жүрөгүнүн үшүн алган COVID-19 илдетинен неге мынча жабыркады? Эмнеге башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде көп өлүм болуп кетти?
- COVID-19 оорусу дүйнөлүк эпидемияга айланып, пандемия категориясына ээ болуп албадыбы. Бул - бүткүл жер шарынын эли үчүн катаал апаат болду. Ар бир өлкөнүн башына зор сыноо түштү. Алардын мамлекеттик алы, кубаты эмнеге жөндөмү бар экендиги билинди. Анын ичинде биздин Кыргыз өлкөсүнүн дагы өз дарамети эмнеге жарамдуу экендиги айкын көрүнүп калды. Расмий статистиканы баары билет. Элибиз зор кайгыга батып, аза күтүп, эртеңки күнүнөн чочулап жашап калды. Биздин кошуналарда деле абал ошондой. Өлкөбүздүн чыныгы потенциалын эми гана байкап отурбайбызбы! Башкы себеп, менимче, СССРден калган эң сонун саламаттыкты сактоо системасын толугу менен талкалап алганбыз. Профилактикалык жана санитардыкэпидемиологиялык медицинадан эч нерсе калбаптыр. Кана 30 жылдан бери ооз көптүрүп мактанып келишкен “Манас”, Үй-бүлөлүк медицина деген долбоорлордун пайдасы? Мурдагы мамлекеттик медициналык мекемелер кайда? Алар чынында кимдердин колунда? Өкмөт менен перманенттик режимде, карапайым калкка пайдасы тие тургандай болуп иштеп жатышабы? Менимче, андай эмес. Кландык башкаруулар медицина мекемелеринде дагы орун алып кеткендиктери мына коронавирус апаааты чындап жайылганда кашкайып көрүнүп калбадыбы! Айрыкча, фармацевтикалык тармактын толугу менен жеке менчик болуп калганынын азабын эпидемия күчөгөндө көрдүк. Капитализмдин ырайымсыздыгы так ушул жерден сезилди. Аптекалардын айлана-чекесиндеги ажиотаж элди катуу сестентип койду. Карапайым кыргыздар бири-бирине жардам бере баштаганда гана көп нерсе ачыкка чыгып калды. Эмне үчүн мамлекеттик көзөмөл фармацевтика тармагында ушунчалык бошошуп кеткен? Мен эми дары-дармектерге мамлекеттик монополия киргизүү керек дебей эле коёюн. Бирок, бул ой дагы көз карайлаганда баштан кетпей койду! Себеби, баягы эле Кыргызстан үчүн мүнөздүү болуп калган башаламан базар экономикасы болуп жатпайбы. Эптеп эле акча жасоонун аракети. Эми ал жөнүндө алдыда дагы көп сөздөр болот го!?
- Бул илдет биздин кенебестигибизден, эрежелерди сактабаганыбыздан катуу торудубу же өкмөттүн кесепетинен эл бөөдө согуштагыдай кырылып калдыбы?
- Айып эки жактан тең болууда. Кыргызда сөз бар эмеспи, “керкисинде дагы, кемтигинде дагы айып болду” деген. Таамай айтылган. Covid-19 биз үчүн жаңы жана табияты белгисиз эпидемия болгондугунан, эл ага анча маани бербей, тоготпой жүрүп алды. Элементардык эле сактануу эрежелерине баш ийбей коюшту. Аягы кайгылууу болду. Өкмөттүн аракети көп эле талданып жана адилет дооматтар коюлуп жатат. Чын эле көп жаңылыштыктарды кетиришти. Бул жерде саясат кылып, жагалдангандын өзү адамгерчиликсиздик болуп калат. Акыл-эси соо адам ага барбашы керек. Бирок, факт болуп калды. Ооруган адамдардын канчасы ооруканага кире албай жүрүштү. Мен дагы башыма түшкөн киши катары ачык сездим. Үч күн “тез жардамды” күттүм. Эки тараптуу өпкө пневмониясы дешкенден кийин төртүнчү күнү гана Бишекектин ооруканаларынан орун таба албай, балдарым Гансиге алып барышты. Кычкылтек дефицитине кабылып, сатурация көрсөткүчүм 33кө чейин түшүп кетип, өйдө-ылдый “секирип” жатты. Көрөөр күнүм бар экен, Адилет Жумабеков, Кубан аттуу дарыгерлер сактап калышты. Аларга башымды ийип таазим кылам. Мендей кыйналгандар миңдеп саналат. Кээ бирөөлөрү өмүр менен кош айтышты. Анан, албетте, Өкмөттүн уюштуруу иштеринин алсыздыгы боюнча дооматтар болуп келүүдө. Муну туура эле кабыл алып, терикпестен тиешелүү жыйынтык чыгарып, ишти күчөтүүсү абзел. Адамдын өлүмү өзү чоң трагедия. Эгер ал кырсык, массалык түрдө орун алса, албетте, андан бери чоң кайгы! Анан сурак сөздөр болбой койбойт да. Бизде ошондой болуп жатат. Президенттин элдин мүдөөсүн эске алып, 30-июлду Эскерүү күнү деп жарыялаганы туура болду. Эми тынымсыз түрдө алдын-ала сактануу чараларын уюштурууга өтүшсүн! Бул оору жаман экен. Тоготпой коюу - бул элдин алдында чоң кылмыш менен барабар болот! Баарыбыз жакшы жагыбызга өзгөрөлү. Заман ошону талап кылууда.
- Айтканыңызга ынаналы, бирок “илдеттин тез жайылып кеткенине эрежени сактабаган эл күнөөлүү” деген дагы пикирлер бар...
- Күнөөкөрлөр эртеби-кечпи өз жазаларын сөзсүз алышат. Бирок, бул башкы маселе эмес. Жазалоонун эле артынан түшүп алганыбыз болбос. Анын себебин ачып көрсөтүп, өткөндөн сабак алалы. Covid-19 бүткүл адам баласына, анын ичинен бизге чоң чакырык таштады. Мурдагыдай жашоо мүмкүн болбой калды. Чукул өзгөрүүлөрдү талап кылууда. Мындай талаптар бүт өлкөлөрдүн алдында турат. Ошондуктан, баарыбыз оорулуу саясий амбицияларыбызды ооздуктап, башыбызды бириктирип, алдыга умтулуубуз зарыл. Жаштарыбыз терең илим-билимге умтулуп, өнөр жайыбызды колго алышы керек. Бийлик болсо кыйынчылыктан качпай, кайра аны утурулап чыгып, кайратмандык менен жеңип чыгууга милдеттүү. Артында ишенген эли турганын ар дайым сезип туруусу абзел. Ошондо баары жайында болот!
- COVID-19 илдети адамдардын өмүрүн эле алып тынбастан, экономикабызды да солгундатты. Эми экономикага, социалдык тармактарга тийгизген кесепеттерин кантип жоёбуз?
-Март айынын ортосунда өзгөчө абал менен карантин киргизип, өкмөт экономиканы аргасыздан, атайылап токтотту. Кыйын эле абалга кептелдик. Таң калам? Эмне үчүн чукул чаралар көрүлбөйт? Керек болсо, админстрациялык реформаны, түз эле кыскартууларды жасап, акчаны үнөмдөө керек эле да. Өкмөт менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудагы ашыкча кызмат орундары өзгөрүүсүз эле калып кетти. Сырттан келген насыя акчанын 170,8 млн $ республиканын бюджети аркылуу кантип өткөрүлгөнүн ачык чечмелеп беришпейби? Чыгымдын ички структураларын көрсөтүп коюшпайбы? Ашыкча сөздөр дароо басылмак! Ошол донорлор берген акчанын 148,4 млн $ эмне максатта кармап турушат. Керектүү дары-дармектер, медицина жабдыктары убагында алынганда өлүмдөрдүн саны аз болот беле?! Айтор, суроолор көп. Мугалим менен врачтын маянаналары ошол бойдон эле калып кетти!
- Эми Кыргызстан тыштан келген жардамдардын эсебинен жан багабы же абалдан чыгуунун жолу барбы?
- Кризистен чыгуунун жолу - бийлик адилет кадр маселесине өтүп, коррупцияны жасалма же тандалма эмес акыйкат ооздуктап, сарамжалдуу башкаруу аппаратын түзүп, ишкерлерди колдоп турса эле эл өзү жапа-тырмак көтөрүп кетмек.
Чынайым Кутманалиева, “Майдан. kg” гезити