6-августта борбор шаардын «Твиттердеги» баракчасы аркылуу төмөнкү билдирүү таратылды:

«Урматтуу шаардыктар! 29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясына чакырабыз. Саат 21:30да үйдөгү жарыкты өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерели».

COVID-19 вирусунан республикада 1447 жаран каза тапты .

Кыргызстанда бул илдет 18-мартта үч адамдан табылган. 6-августтагы расмий кабарга ылайык, дартка 38 659 киши чалдыкты. Анын 30 099у айыкты.

elgezit. kg