Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Министрлик билдиргендей, Кыргызстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын авиациялык бийлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, 7-августтан төмөнкү багыттар боюнча аба каттамдар жанданууда:
-"АвиаТраффик Компани" аваикомпаниясы: "Бишкек-Стамбул-Бишкек" багыты боюнча жумасына эки жолу. "Бишкек-Анталья-Бишкек" багыты боюнча жумасына бир жолу;
- "Түрк аба жолдору" аваикомпаниясы: "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу;
- "Пегасус Эйрлайнс" аваикомпаниясы: "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу;
- "Флай Дубай" аваикомпаниясы: "Дубай-Бишкек-Дубай" багыты боюнча жумасына бир жолу.
Билеттерди сатып алуу жана аба каттамдардын жадыбалы боюнча кененирээк маалыматты аваикомпаниялардын сайтынан алууга болот.
Кабар