Пандемиялык абалга байланыштуу Россия бийлиги Кыргызстандын жарандары үчүн ѳлкѳгѳ кирүүнүн жаңы тартип, эрежелерин ишке киргизди.
Ага ылайык, Россияга кирүүдѳн үч күн мурда ПЦР-тестин тапшыруу зарыл. Тестти «Бонецкий» лабораторияларынан тапшыруу сунушталууда. Анткени, тесттин жыйынтыктары менен интернет аркылуу эле таанышса болот. Россияга кирген кыргыз жарандары милдеттүү түрдѳ 14 күн карантинге алынат.
“Майдан. kg” гезити