Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Ак-Бууранын боюн кеңейтүүгө киришиптир. Ал албетте жакшы. Мен колдойм. Бирок...

БИРИНЧИ СУРОО: “Акча жокто ал долбоор зарыл беле? Менин оюмча зарыл. 2-дүйнөлүк согуш учурунда да Чоң Чүй каналы (БЧК) сыяктуу курулуштар токтогон эмес. Пандемия маалында шайлоо өтмөк беле деп аткандагыдай эле нерсе. Азыр болбогондо качан? Акча жок деп отура берсек, жер уурдала берет. Мэр -  акчаны табуу үчүн мэр. Табат. Табыш керек.

ЭКИНЧИ СУРОО: “Эмне үчүн мэрлер шаардын борборун эле жасай берет да, шаар четине карабайт?” Жашыл, кооз, бак-дарактуу жер бир эле шаар борборунда эмес, калаанын бардык жагында болуш керек. Мэрлер буга кам көрүүгө милдеттүү. Анткени шаардын борборунда жашагандар көп салык төлөп, четинде жашагандар аз салык төлөп аткан жок. 

Бак ичинде кыз-жигит, келин-кесек, бала-чака менен эс алуу шаар четинде жашагандарга да жарашат. Бак Ак-Тилекке да, Он-Адырга да, Дачага да, Жапалакка да керек. Ансыз да Жапалак менен Ак-Тилек шаардын таштандысынан чыккан түтүн менен дем алат. 

ҮЧҮНЧҮ СУРОО: Мэр бул долбоорду эмне үчүн баштады? Мырзакматовдон кийин Ошко келген мэрлер элдин көзүнө көрүнө турган, эл эстеп кала турган иштерди жасаганга аракет кылып атышат. Азыр Сарыбашевде да мэр катары элдин эсинде калуу тилеги бар. Бул жакшы тилек. Бирок ал тилек укуктардын сакталышы жана келечекти терең талдоо, прогноздоо менен коштолсо дагы жакшы болмок. Элдин эсинде калам деп эле шаарды өзүнө жаккандай кылып ар жерин оё берүү осол иш деп ойлойм. Анткени шаар куруу балдардын ылайдан шаар жасаган оюну эмес. 
Мына ушул жерде гүрүчтөн гүрмөктү бөлүп карай турган бир нече жагдай бар:

Ак-Бууранын жээгин кеңейтүү долбоору эгер мыкты ойлонулган болсо, келечекте жүздөгөн бизнес долбоорлордун, пайда болушуна шарт түзөт. Дарыянын боюнда ишкердик өнүксө казынага пайда болот. Эл иш менен камсыздалат. 

Бирок азыр дарыянын жээгинен чегинген үйлөр кандай бизнестерди түптөп кете алат? Канча кафе ачылат? Канча ресторан ачылат? Канча балдар борборлору ачылат? Кандай жана канча чакан соода жайы ачылат? Зоопарк болбосо да, жок дегенде куштар багы уюштурулабы? Кайык менен сүзө турган участогу каралганбы? Эл келип, акысыз чөмүлүп кеткидей коопсуз көлмөлөрү болобу? Ага келгендер үчүн машина коючу жайлары жетиштүүбү? Анысы каягында болот? 

Дарыянын бою кеңейгенден кийин ал жерге канча бак тигилет? Кандай бактар тигилет? Же баягы эле саяга сараң туяга толгон, “тартиптүү” бак болобу? Же жазы жалбырактуу бактардын бир нече түрү эгилген, дарактардын көп түрдүүлүгү сакталган, кенен эс алуучу жай болобу? Мен ушул суроолорго жооп алган жокмун. Ушул суроолорго жооп берген анализ, прогноз барбы?
Экинчиден, адамдардын жеке менчикке болгон укугу кандай сакталып атат? Биз кыргыздар кошуна элдин жылкысын тийип качканды эрдик көргөн элбиз. Ал жылкы бирөөнүн менчиги экенин уруп ойночу эмеспиз. Андан кийин Союз келип, кыргызды тарбиялагансыганы менен алар да кыйраткан эмес эле. Тескерисинче орустар колхоздоштуруу деген шылтоо менен жеке менчикти тоногондун үлгүсүн көрсөтүшкөн. Өкмөт үчүн, эл үчүн деп, менчиктин ээсин демиткенди үйрөтүшкөн. Ошондуктан бизде азыр да менчиктин кол тийбестигин сыйлоо деген түшүнүк калыптана элек. 

Мына ушул видеонун 44-мүнөтүнөн 50-мүнөтүнө чейин көрүп коюну сунуштайм.  

https://www.youtube.com/watch?v=xivbHMeCFS0

Кыйратып компенсация төлөнүп атканынан күмөнүм бар. Негизи чоң курулуш курууну биз эми гана баштаганбыз. Бизге чейин башка элдер менчик ээсинин жерин алуу түйшүгүнө мурда эле тушуккан. Мисалы түрктөр, 1500-жылдары эле менчиктин кол тийбестигин сыйлаганды билишкен. Өз өлкөсүндө абсолуттук бийликке ээ болгон султан Сулаймандын сүйүктүүсү, Хүррем султан мечит курдуруу үчүн улук башын кичик кылып, жер ээлерине өзү барып суранган видеону көрүп чыксаңыздар болор эле. Жеке менчиктин кол тийбестиги деген түшүнүк түрктөрдө мындан 500 жыл мурун бар эле. 

Дагы бир мисал: Чех өкмөтү поюз жол куруу үчүн элдин жерин сатып алып отуруп, бир кемпирди көндүрө албай акыры долбоорду өзгөрткөнгө аргасыз болушкан. Адамдын укугу деген ошол экен. Эрежеге баш ийгенге аргасыз болушкан. 

Биз мындайды көп жактыра бербейбиз. Дарак турса тамырына бензин, же автол куюп, суугарбай кууратабыз да кыйганга уруксат алып кубангандан тартынбаган учурларды көрүп, угуп жүрөбүз. Жалгыз жарым кишинин үйүнө өрт коюп жибергенден кайра тартпайбыз. Сарыбашев андай кылбайт деп ойлойм. Ошентсе да менчик ээлерин “эл үчүн” деп демиде бербей ыраазы кылууга чакырат элем. Антпесек, мэр баш болуп укукту сактабасак, эртең шаарга мен мэр болуп барсам, мен да бир долбоорду баштап, Сарыбашевдин өзүн демитип, “үйүңдү эл үчүн” бер деп турсам өзү кандай абалда калат? Ошондуктан укукту эстен чыгарбашыбыз керек деп эсептейм.

Негизи Ош шаарынын курулуш мыйзамдары эгемендик алганыбыздан кийин бузулган. Өзүбүздү өзүбүз биле баштагандан кийин калаанын “уродун” чыгарып салдык. Мурунку башкы архитектор Нурбек Баетов “Ак-Буура Оштун өпкөсү” деп атып, Жалил Атамбаевге паркты бузуп үй курууга уруксат берген. Бергенде да тепкедей жерге 9-12 кабаттуу 5 көп кабаттуу үйдү курууга макул болгон. Ошентип Оштун студенттик шаарчасындагы чакан бак азыр кытайдын кварталындай кайнаган “тооккана” болуп калды. Жалил Атамбаев ал парк менен эле чектелбей, дарыянын боюнда, бактын арасындагы гараждар турган аянтты да талашып аткан. 

ОШОНДОН УЛАМ ДАГЫ БИР СУРОО: Ошол дарыя боюндагы гараждар турган жер эмне болот? Шаардыктарга бак болобу же Жалил Атамбаевге бизнес аянт болобу? Бул суроо жөн жаралган жок. Анткени Ж.Атамбаев мурда шайлоолорду каржылоо жана борбордон келген чоңдорду коноктоо менен эле белгилүү болсо, акыркы маалда адеп шаардагы ар түрдүү долбоорлорго демөөрчү болуп жүрөт. Келаткан шаардык кеңештин шайлоосуна бир тууган агасынын баласын, бир тууган агасынын кызын, колунда иштеген “кассирин”, дагы бир “деректирин” анан дагы бир “жакынын” киргизип койгон. 
Муну жазып, тепкиде калаарым белгилүү. Ошентсе да айтчу сөздү айттым. Ичиме катып жаткым келген жок. Тепкилегилесеңер тепкилегиле. #Isakov