Баары билим берүүдөн башталат.

Мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү да, артка кетип экономикасы талкаланып, кризиске батышы да мамлекеттик билим берүү тармагынан башталат. Билим, илим бул адам жашоосундагы эң башкы өсүштүн же кыйрап жок болуунун башаты. Билим илим алууга, дүйнөлүк адамзаттын  акыл-ой берметтерин, жетишкендиктерин калпып алып өстөштүрүүгө, күнүмдүк жашооңо колдонууга аракет кылсаң анда астыга өсүп өнүгөсүң. Жок. билим илим алуудан качып,акыл дараметти иштеткиң келбей, жашоонун жеңил жагына ооп,арам жол менен болсо да жыргал жашоого жеткиң келсе бүгүнкү Кыргызстандын кейпин кийип, кембагалдыктын сазына мындан да тереңдеп батасың. Кыргызстандын бүгүнкү абалга келишине мындан 25-30 жыл мурда ошол кездеги Президент А.Акаев тарабынан (Атайлапбы же билбейби башым жетпей келатат) жол салынып, "жай жарылуучу" бомба коюлган. Ошол жол менен мына 30 жылдан бери "Алгалаган" боюнча келатабыз. 

Бул А.Акаевге кезектеги асылуу эмес. Кашкайган чындык. Аны ошол мезгилде иштеген мугалимдер жокко чыгарбайт. Эстегиле? Мектепте иштеген мугалимдер А.Акаевдин учурунда жылдап айлык алышпай, алса да эски гезит, өтпөгөн көлөч-маасы айлыкка кошулуп берилип ит көрбөгөн кордукту көрүшкөн.  Мугалимдердин айлык маяналары эң төмөнкү тепкичке түшүп, жөнөкөй ишканада иштеген кароолчунукунан да төмөн болуп калган. (Ошол бойдон маяналар жыргатып жогорулабады.) Ошондо мектептерди мыкты мугалимдердин дээрлик бардыгы таштап кеткен. Мектепте мугалим болуп айылдан чыгып кетүүгө, башка жумушка барууга шарты жоктор эле калбаса билимдүүлөр калган эмес. Ошентип элге билим берүү тармагы талкаланган.

Кечиргиле, бүгүнкү "11-классты бүттүк"- дегендердин денгээли Союз кездегиге салыштырганда 6-7- класстыкына да жетпейт. Буга мен өзүм күбөмүн. БГУда мамлекеттик экзамен алууга катышып калган жылдарым болду. Жогорку окуу жайын бүтүрүп аткандары болобу, мектепти бүтүрүп келип экзамен тапшырып аткандары болобу, билим деңгээлдерин  көрүп ыйлагың келет. Жыйынтыгында эмнени көрүүдөбүз. Жыл сайын мамлекетибиздин экономикасы төмөндөп, элдин ынтымак биримдиги ыдырап, Мамлекеттик бийликтин туу чокусу болгон ЖКке эки сөздү туура сүйлөй албагандар төрага  болуп, (Ал төраганы күнөлөбөйм. Себеби өзүндөйлөр менен отурса. "Буларга мен башчы болсом деле болот"- деди да. Эгер билимдүүлөрдүн тобунда болсо, "Кой ордумду билейин"- демек.) "Мамлекеттик кызматта интеллектуалдык деңгээли жогору  билимдүү адам иштеши керек"- деген түшүнүк жокко чыгып. "Жакшыга жаман сөзү менен тең болгусу келет"- деген макал сайран куруп, билимдүүсү деле билимсизи деле акылман болуп, интеллектуалдык ой пикирди сыйлоо жоголуп, (түшүнбөсө, ага акылы жетпесе сыйлабайт да) баш аламан жашоо-турмушкка кабылдык. Акылман сөз бар; " Бир мамлекетти жок кылгың келсе ага кол салып согуш ачпа. Болгону билим берүү тармагын гана бузуп кой. Болду.  Билимсиз мугалимдер жаштарга туура эмес билим берет. Билимсиз экономистер экономиканы талкалайт. Билимсиз медиктер оорулууларды туура эмес дарылап өлтүрөт. Билимсиз соттор күнөсүздү соттоп, күнөлүүнү актайт. Коррупция күчөп, мамлекетти талап жеп иче башташат. Парахорлук, ач көздүк, арамдык күнүмдүк жашоо турмушуңа айланат. Уят-ыйман, намыс деген түшүнүк өлөт. Ошентип ал мамлекет өзүнөн өзү талкаланып жок болот."- деген. Ушуну Акаев баштап кеткен. Бүгүн Кыргызстан так ушундай абалда.

Оңолгубуз келеби биринчи билим берүүнү жолго коюшубуз керек. ЖК депутатынын айлыгынан мугалимдин айлыгы жогору болсун.Бул өзгөргүз болуп мыйзам менен бекисин. Билимдүүмүн дегендер депутат болууга эмес мугалим болууга жулунушу керек. Туура билим бул узак убакытта барып жыйынтыгын берүүчү процесс. 11 жыл орто мектепти, 5 жыл жогорку окуу жайын окуйт. Анан барып дагы он жылдан ашык иштеп машыгат. Ошондо 25-30 жылда барып түшүмүн бере баштайт. Улуттун, мамлекеттин келечегин ойлойсуңбу, ушуга чыдаш керек. Башка жол жок.

Чолпонбек Абыкеев