Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек
- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” кино сценарийин жазып, көп тилдерге котортуп, бир топ ири мамлекеттердин кино компаниялары менен биргелешип тартууга аракеттенип жатканыңызды жар салган маегиңиз коомчулукта зор кызыгуу жаратып жатат. Деги эле бул улуу чыгарманы киного айлантуу ою кандайча пайда болгон?
- 2012-жылы “Президент жана бомж” тасмабыз “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. Кыргызстандын сыйлыкка көрсөтүү комиссия башчысы, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев менен бир топ күн иштешип, кенен пикир алыштык. Аягында ал киши: “Сенин колуңдан келчүдөй экен, “Манасты” кино кылып тартууга киришпейсиңби” деп калды. “Биринчиден, өтө чоң каражат кетет. Экинчиден, эпосту киного ылайыктаганда бир топ өзгөрүүлөр кирсе, “Манасты” бузушуптур деген жалаага калам”- деп каршылык билдирдим. “Анчалык деле көп каражат кетирбей, компьютердик графиканын жардамы менен бир миллион долларга тартса болот, мен эсептеп жүрөм,”- деди. “Президент жана бомж-2” тасмасын тартып жүрүп тасмага башкы демөөрчүлүк кылып жаткан олигарх Аскар Салымбековго бул тууралуу айтсам, “бир миллион долларга тартылса, биз көтөрүүгө даярбыз”- деди. Анда да чындап дааган жокмун. Көп узабай Москвада окуп, Виктор Цой катышкан “Ийне” тасмасы менен таанылып, Казакстан кинематографисттер союзун башкарган, кийин Парижге, Лос-Анджелеске иштеп кеткен, эл аралык аренада жүргөн белгилүү кинорежиссёр Рашид Нугмановго жолугуп, “Манас” киносу тууралуу айтсам, “Сценарийин даярдаңыз, чогуу тартууга Голливудга сунуштайлы” деп калды. Эпостун бардык варианттарынын негизинде кара сөзгө айланткан кыргыздын таланттуу жазуучусу Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” прозалык чыгармасын кино сценаристтин көзү менен дыкат окуп чыктым... Уруш-чабыш көп, татаал чыгарма... Сценарий жазууга узана албадым... Башка тасмаларга сценарий жазып, тартып жүрдүм: “Москва сүйүүсү”, “Төнкөрүш”, “Миллионердин сүйүүсү”... Ал эми “Манас” ойдо... “Манастын уулу Семетей” спектаклин жаш кезимде көрүп, абдан толкундагам, “Семетейдин” күчтүү драматизми толгонтту... “Каражат табылса, “Семетейди” же, “Барсбекти” тартыш керек” деп жүрдүм... Казакстандык, Орусиялык кесиптештер менен жаңы кино долбоорлорду талкуулап, ушул ойлорум менен бөлүшөм... Бир чоң кино компаниянын жетекчилиги: “Силердин “Манас” үчилтиги дүйнөлүк ири чыгарма. Сценарийин даярдасаңар, биргелешип тартууга аракеттенели” деп калды. Даяр сценарий болсо, кошумчалайын деп белгилүү жазуучулар, маданият министрлигинде репертуар бөлүмүн жетектеп келишкен Бексултан Жакиевге, Жаныш Кулманбетовго кайрылдым. Экөө тең “Манастын” кино жана сериал сценарийлерин жазышканын, ал эми “Семетейдин” сценарийи даярдалганын билбестигин билдиришти. Анан “Семетейдин” эпос, драма, кара сөз варианттарын изилдөөгө кириштим. Өзгөчө, Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасын өзөк кылып, башка варианттардан да кошумчалап, киного ылайыктап, жаңы эпизоддорду киргизип, “Так мураскери. Манастын уулу Семетей” (чет өлкөлүк кесиптештердин талабы менен аяктагы көпчүлүк Манас, Семетейди биле бербестигин эске алып, “Наследник престола” аталышты кошуп) кино сценарий жаздым. Орус, англис, турк тилдерине котортуп, чет өлкөлөрдө иштешкен кино адистерге жөнөтүп, эл аралык ири кино компаниялардын продюсерлерине, жетекчилерине сунуштадым. Жылуу кабыл алышып, биргелешип тартууга ынтаа билдиришти. Бирок, дал ушул маалда дүйнөнү каптаган улуу тумоо кендирди кесип, ишибизди токтотту.
- Кайсыл өлкөлөрдүн кино компаниялары менен иштешмекчисиздер?
- Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Турция киночулары менен кызматташып жатабыз. Мисалы, “Казакфильм” менен өткөн замандын миңдеген жоокер зоот кийимдерин, курал-жарактарды ижарага акысыз тартуулоого, акыны кийин тасмабызды Казакстан кинотеатрларына коюудан түшкөн каражат менен жабууга макулдаштык.
- Аларды Казакстандан ижарага албай тиктиргенде, жасатканда олчойгон каражат кетмек го.
- Президент Назарбаев башында туруп Казак туугандар 40 миллион доллар жумшап “Көчмөндөрдү”, 15 миллион долларга “Жоо жүрөк миң бала” өңдүү тасмаларын тартышканда өткөн замандын кийим, буюмдарынын абдан чоң витринасын жасоого жетишкен. Бизде азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Боордоштор ал кийим, буюмдарды ижарага берүүгө макулдук билдиришип, “Казакфильмдин” президенти А.Т.Асенов менен келишим түздүк. Ал эми бул келимишдин баалуулугун бир мисал менен белгилейин. 2013-жылы Бишкекте “Москва сүйүүсү” тасмасын тартып жатып башкы каарман кыздын үйлөнүү үлпөт кийимин жарым күнгө 150 долларга ижарага алганыбызды эске алганда, 2 миң эски заман жоокерлик зоот кийимдердин, найза, калкан, кылычтардын жана буюм-тайымдардын ижара акысы жарым миллион долларга чабаарын эсептей бериңиз.
- Дагы кайсы өлкөнүн кинокомпаниялары кандай колдоо көрсөтмөкчү.
- Россиялык ири кинокампания тасма тартылып бүткөндө монтаждоо, үн коштоо, 3D га айлантуу, Россия кинотеатрлары үчүн рекламалоо жумуштарын колго алууга даяр.
Ошентип, үчтөн бир каражат Казакстандан, үчтөн бири Россиядан, дагы үчтөн бири Кытайдан “Бир алкак – бир жол” эл аралык уюмунан жабылганы турган.
- Биздин Кыргызстандан колдоо болобу?
- “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” дүйнөлүк улуу чыгарма. Алар киного айланса, эл аралык аренага чыгыш керек. Ал үчүн четтиктер биргелешип тартышса, эртең өз өлкөлөрүндө көрсөтүүгө, эл аралык прокатка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Демек, каражатты чогулуп көтөрүшөт. Анда Кыргызстандын ансыз да тартыш бюджетинен суранбай, башка маселе, “Мегаком”, же, “Жерүй” өңдүү бай ишканалардын бири башкы демөөрчү, башкы өнөктөш иретинде айталы, бир миллион доллар эмес, анын үчтөн, төрттөн бириндей колдоо көрсөтүшсө, аны кайра тасмабызды кинотеатрларга коюудан түшкөн каражаттан кайтарып алышмак. Бул тууралуу республика жетекчилигине да кайрылуу даярдап жатабыз.
- Тасманын режиссёру ким болот?
- “Манастын уулу Семетейди” драмалык театрда коюп, “Семетей” менен жашап келаткан белгилүү режиссёр, кино актёр Эгемберди Бекболиев, Москвалык теги казак кино режиссёр Булат Искаков экөөн чакырып жатам. Бекболиев негизинен актёрлор менен иштешсе, Искаков көбүн эсе эл аралык стандартка ылайык киного айлантууга кам көрмөкчү. Ал эми продюсерлер ар өлкөдөн кошулуп, көркөм жетекчиликке ушул улуу осуйпаны сунуштаган Мар Байжиевди чакырмакчыбыз.
- Жогоруда өзүңүз эскердиңиз, айрымдар “касиеттүү чыгарманы бузуп коюптур деген жалаадан качтым” деп. Эми андан чоочубайсызбы?
- “Карахан таажысы”, “Социализм трагедиясы”, “Олигархтар”, “Бактылуу болгула!” аттуу кино сценарийлерим жазылып бүтүп, башка өлкөлөр менен биргелешип тартууга даярдалып жаткан. Ал эми бул элдик улуу чыгармалдарды киного айлантуу тасма тармагында узанып жүргөн ар бирибиздин ыйык милдетибиз. “Семетейди” бузуп коюшуптур” дешпесин үчүн көп жылдан бери театрларда коюлуп, элге сиңген, убагында мамлекеттик деңгээлде жогору бааларга арзыган, эл акыны Жалил Садыковдун драмасын негиз кылдык. Анан киного ылайыктап айрым жаңылыктарды киргизүүгө укугубуз бар, эл аралык чыгармачылык тартип ушундай. Дагы ыраматылык Ашым Жакыпбековдун таамай кебин эске туттум: “Манасты” ар манасчы ар башкача айткан. Мен да манасчымын. Бүгүнкү заманга ылайыктап өз вариантымды сунуштоого акым бар...”
Маектешкен Акбермет Айжигитова, “Майдан. kg” гезити