Мектепте окуп жүргөндө эжеке-агайлар окуучуларга мындай деп тарбия сөзүн айтаар эле: «Силердин жакшы окуп, тартиптүү жүрүшүңөр, коммунизмди курууга кошкон салымыңар» деп. Ал кезде мамлекеттик саясат, идеология ошондой эле. «Коммунизм курабыз»- деген ураан баардык жерде айтылып, баардык көрнөктөрдө жазылып турчу.  А окуучулар болсо эжеке-агайлардын айтканын аткарганга аракет кылышчу. Дээрлик бардыгы. Тескериленгени болсо болуп,болбосо жокко эсе эле. Жаман кыялдарында коммунизмдеги баары бекер жыргал жашоону элестетчү. 

Айтайын дегеним мындай: 

Биз, кыргыздардын көпчүлүгү,  пандемия-апаат каптап киргенде да врачтардын ансыз да оор эмгегине жардам катары тартиптүү жүрүш -турушубуз менен салым кошо албадык. Эң жөнөкөй талаптарды аткарганга көбүбүздүн моюнубуз жар бербеди. Кайдыгер болуп бүтүптүрбүз. Маска тагынып, аралыкты сактап жүргөндөр ашып кетсе жалпы элдин 60 тай пайызын түздү окшойт. Ушундай бир кенебеген, тоготпогон тоң моюн эл экенбиз...

Апаатын айынан, тартипсиздигибиздин айынан, оору бат жайылып, не бир укмуш кесипкөй врачтарыбыздан, замандаш дос- курдаштарыбыздан айрылдык. 

Өкмөттүн апаатка даярданбаганын эле айтып кыжыңдай бербей, биз, эл, өзүбүздүн да кемчилигибизди айта жүргөнүбүз оң болоор. 

P.S. Өкмөт ү шалтурук эмес, эли тартиптүү мамлекеттер бул апаатты оңой эле өлүм -житими аз жеңип атат. «Кемтигинде да керкисинде да бар» эл болдук биз. Эч нерсени баалабаган, эч нерсени тоготпогон, түштөн кийин ызылдаган эл экенбиз... 

Өзү ооруп атса да ишин аткарып аткан бүгүнкү дарыгер-баатыр!

Силерге түбөлүк таазим, урматтуу апаат менен күрөшкөн дарыгерлер!

Самсалы Четинбаев