"Быйыл коңшу Өзбекстанда ири суу сактагыч жарылып кеткен, ошонун айынан быйыл сугатка суу тартыш болуусу күтүлгөн... Бирок ал жак тыптынч, эч кандай чуу жок, кыязы суу жетиштүү эле окшойт... Ошондуктан "Токтогул суу сактагычында суу тартыш, болгону 1 августка карата 14.2 млрд куб метр суу чогулду" - деген маалымат чочулатат... Абдан чочулатат... "Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?" - дегендей эле болуп кеттиби деген ой албетте ар бирибизде жаралбай койбойт... Анын үстүнө мурдагы жылдарда ураа-ураа менен орнотулган он-лайн видео-камералардан да дайын жок...", - деп жазды Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, быйыл Кыргызстандын суу сактагычтарында былтыркыга салыштырмалуу 2 миллиард 400 миллион куб суу аз болуп жатканы айтылууда.