Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 30-июль коронавирустан каза болгондорго Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Биз ушул убакка чейин илдеттин айынан арабыздан кеткен 1400гө жакын мекендештерибизди 30-июлда жалпы улуттук аза күтүү катары эскеребиз. Ал биздин парызыбыз.
Илдеттин айынан өлкөбүз экономикалык, каржылык аябагандай чоң чыгымдарга учурады. Алар ондогон миллиард сомдорду түзөт. Бирок, мамлекеттин эң башкы байлыгы бул, - жарандары. Бир миң төрт жүзгө жарандарыбыз арабыздан кетсе, дагы ондогон миңдегендери кыйналышты, ооруканаларга жатып чыгышты. Ал жактарда дарыланып жаткандар дагы деле 15 миңге жакын. Тилекке каршы, алардын катарлары күнүгө жүздөгөн адамдар менен толукталууда. Же илдеттен жоготууларыбыз дагы болот, болуп жатат, бул биздин жүрөгүбүздү чындап сыздатат.
Бул күнү Кыргызстандагы бардык мамлекеттик жана муниципиалдык органдарда Улуттук Туубуз түшүрүлүп, ЖМКлардагы оюн-зооктук программаларга тыюу салынат. Кафе-ресторандар, эс алуучу жана реакрациялык жайлар да ал талапты сактоого тийиш. Бирок, эң биринчи аза күтүү тышкы белгилерде эмес, биздин жүрөктөрүбүздө, маанайларыбызда болуусу зарыл. Бул күнү каза болгон жакындарыбызды, тааныштарыбызды, деги эле билгендерибизди эскерип, аларга улуу жараткан аркы дүйнөдөн тынчтык берүүсүн сурап, үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн, жакындарыбыздын бул алаамааттан алыс болууларын тилөөгө милдеттүүбүз. Ээ, улуу кудай, бул илдеттин айынан өлгөндөрдүн жаткан жерлери жайлуу, арбактары тынч, ал эми алардын артында калгандардын өмүрлөрү узун болсун, аларга жоболоңдуу илдет жолобосун! Кудай ушул илдеттен Кыргызстаныбызды тезирээк арылта көр!
Аманчылык болсо, коронавирустун Кыргызстанга киргенинен кеңири жайылганга, чыгымдарга чейинкилеринин бардыгы кеңири талданат, тастыкталат. Эң акыркы жыйынтык мындан бир же эки жылдан кийин чыгарылат. Бирок, дартка чалдыккандардын, ооруканада жаткандардын жана ал жактардан чыккандардын пикирлерине таянып, илдеттин кесепеттерин азайтып, дартка чалдыккандарды айыктырып чыгарууда врачтардын, медициналык кызматкерлердин өз милдеттерин эң жогорку деңгээлде аткарып жатышкандарын баса белгилей кетүүгө тийишпиз. “Мен бир жума Гансидеги ооруканада дарыланып чыктым,- дейт Ала-Тоо-1 жаңы конушунан Уулкан аттуу айым. - Мурда деле кез-кезде ооруканага жатып жүрчүмүн, бирок бу жолу илдеттин айынан жатканымда врачтардын, медайымдардын дартка чалдыккандарга жасаган мамилелери өзгөчө ыраазы кылды. Баары кичи пейил, сылык, өтүнүчтөрүңдү ынтаа менен угуп, тезирээк аткарууга аракет кылышат. Биз жаткан жерде аппарат менен дем алгандары, эс-учтарын билбей памперстерге заара ушатып жаткандары, бизге окшош орточо абалдагылары да бар эле. Улам жаңылары келет. Мурдагы каззарманын абасы коюуланып, вирустарга тим эле шыкалып калгандай. Мына ошондой шартта өз өмүрлөрүн тобокелге салып, дартка чалдыккандарды айыктыруу үчүн жан аябай иштеп жатышкан ак халатчандарга кандай жакшы сөздөрдү айтсак да аздык кылат. Анан тамак-аштары, оорукананын ички, тышкы тартиптери тимеле ойдогудай экен. Аны уюштурган бийликтегилерге да ырахмат!”
Ооруканада жаткандардын, айыгып чыккандардын арасында мындай пикирлерге кошула тургандар жүздөп, миңдеп саналарына ишенемин.
Бул алааматтан биз ата – бабаларызга мүнөздүү бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымак, биримдик аркылуу гана чыга алабыз. Аны саясатташтырып, жекече ич күптүлөрдү чыгаруунун, кайраштырып, чагымдоонун шылтоосуна айландыргандан тыйынча да пайда таппайбыз. Элге ый болуп жатканда, аны өзү үчүн тойго айландырууга аракеттенгендерди эртели-кеч Манастын арбагы, кудай уруп кетерин бөркүбүздѳй көрсөк болот.
Байыркы ата-бабаларыздын ар биринин өзүнчө кызыкчылыктары, ички-тышкы маселелер боюнча көз караштары болгон, бирок сырттан коркунуч жаралганда, табийгый ж.б. алааматтар пайда болгондо ширелген темирдей биригип кетишкендери “Манас” баштаган улуу дастандарыбызда, элдик оозеки чыгармаларда кеңири чагылдырылган. Биз да азыр ошондой тагдыр чечүүчү оор сыноолордун биринде турабыз. Кимдин ким экендигин агынан жаргандай ачып көрсөтүүчү мезгил келди. Өзүн мекенчилмин деп эсептеген ар бир жаран ага татыктуу болууга аракеттениши керек. Арабыздан күтүүсүз өтүп кеткендердин топурактары торко, жаткан жерлери жаннатта болсун! Бар бололу, бир бололу, көптөп коронавирус деген балээни жеңели, замандаштар!
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити