Бул тууралуу «ЮРФА» медициналык борборунун Ош шаарындагы филиалынын координатору Абдуваит Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2 ай бою төмөнкү тизмедеги жарандар үчүн рентген акысыз жүргүзүлөт:

обсервация, изоляция, стационарлардын кызыл зоналарында иштеген медицина кызматкерлер;
ыктыярчылар;

I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;

согуштук аракеттердин бардык катышуучулары (Афган жана Баткен окуялары) жана Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан жарандар;

70 жаштан улуу пенсионерлер;

«Баатыр эне» ордени сыйлыгынын ээлери;

мамлекеттик балдар үйүндө, үй-бүлөлүк балдар үйүндө, үй интернаттарында жашаган жетим балдар, ата-энесинин асыроосуз калган балдар.

 

Элгезит