Пандемия өлкөдөн сырт иштеп жүргөн кыргызстандыктарга эки эсе кыйынчылык жаратты. Алар карантинге байланыштуу жумуштарынан убактылуу бошоп, үйдө отуруп калганына кошул-ташыл алыстагы мекенине жете албай убара тартышты. Пандемиядан улам дүйнөдөгү бардык өлкөлөр чек араларын жапкандыктан каттам токтоп, бул ошол өлкөдөгү кыргызстандыктардын бар түйшүгүн моюнуна алган элчиликтин ишин көбөйттү.

Статистика боюнча Кыргызстандан дүйнөнүн чар тарабына кеткен мигранттардын басымдуу бөлүгү Россияда, анын ичинде Москвада жайгашканы маалым. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги үч айдан бери баш көтөрбөй иштеп, ал жактагы кыргыздардын азык-түлүгүнөн баштап кем-карчысына толтурууга кол сунуп, айрымдарын мекенине жөнөтүүгө чартердик каттамдарды уюштурууда.

Жалпысынан карантин киргизилген убактан тартып элчилик чартердик каттамдар аркылуу 20 300 кыргызстандыктын Кыргызстанга келүүсүнө көмөктөш болгон. Элчи Аликбек Жекшенкулов өзү башында туруп, чартердик каттамдарга мекенине барбаса болбой тургандай муктаждагы – оорулуу, жаш баласы барларды, кош бойлуу келиндерди отургузууга аракеттенген. Аракеттин акыбети кайтып, нечендеген кыз-келиндер, жаш балалуу аялдар Кыргызстанга келип алышты. Ошону менен жалпы ушул убакка чейин Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 83 чартердик каттам жана 52 автобус каттамы уюштурулду. Анын арасында Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлердин кыргыз жергесине коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам берүүгө келген тобу да бар.

Бирок кандай аракет кылба баары бир көпчүлүк арасында нааразычылык болот экен. Кээде мындай нааразычылык азыраак топтун жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдар тарабынан жаралат. Мисалы, кыргыз элчилигинин күн-түн дебей, ал жактагы мигранттардын жашаган жерине азык-түлүктөн бери ташып, дарыланууга барып келе албай калгандардын акыбалын сурап, дары-дармегин кошо көтөрө чуркашканын баарыбыз соцтармактар аркылуу көрүп күбө болуп келатабыз. Негизи эле Аликбек Жекшенкуловдун элчи болуп барышы буга чейин баркы түшкөн элчиликтин абройун көтөрүп, мигранттардын таянычына айлантканы баарына белгилүү. Ушундай кыйын кырдаалда мигранттарга жолугушууга чыгып, жалпы маселени ортого коюп чечип элчи ишбилги, эл менен эсептеше билген дипломат экенин көрсөттү.

Бирок, жакында Москвадагы кыргыз жарандык коомдун, уюмдардын өкүлдөрү жыйын өткөрүп,элчи Жекшенкуловго болгон нааразычылыктардын эмоциянын күчтүү толкунунун алдында айтышты. Алар элчини мигранттарды мекенине кетирбей жатканына айыпташты. Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери тарабынан “ким кетет, ким калат” деген тандоо болуп, тааныштарын чартердик каттамдарга киргизип, тааныш эместерин ары тур дегендей мамиле жасап жатышканын белгилешти. Андан сырткары Россиядан Кыргызстанды көздөй жолго чыгышып, бирок Оренбург облусунда камалып калган жарандардын маселелерин көтөрүштү. Андан тышкары элчиликтин кызматкерлери мекенине кетүүгө камынган мигранттардан каттамга билет алып берем деп акча алышып, ошол бойдон дайынсыз кеткендерин айтышты. Жыйынтыгында мына ушулардын баарына Жекшенкуловду күнөөлөштү.

Аликбек Жекшенкулов мигранттарды кетирбей кармоодо элчиликтин да, Россиянын да кызыкчылыгы жоктугун түшүнүүгө жарандарды чакырды. Эске салсак, карантин башталган маалда элчи мигранттарга сабыр кылып, кетпей турууну сунуштаган. Ал кыйын кырдаал өтүп кетсе, жумуш табылаарын, кайра баштагыдай иштей беришээрин айткан. Элчи биринчи кезекте мындай сунушу менен Кыргызстандагы калың калкты аяган. Ошол маалда коронавирус илдети сырттан келгендерден табылып жаткандыктан, мигранттардын каттамын азайтуу менен кыргыз жергесин азаптуу илдеттен сактап калууга аракеттенген. Бирок, көпчүлүк кыргыз жарандары аны угушкан жок, күн сайын элчиликтин алдына келишип, Кыргызстанга чартердик каттам уюштурууну, анан да ага бирин калтырбай салып жиберүүнү талап кылышкан.

“Оренбург облусунун губернатору, анын орун басарлары менен күн сайын сүйлөшүп, кыргыз жарандарынын тамак-ашына, жаткан жерине көз салып турууну суранып жатабыз. Бирок ошондой болсо да көпчүлүктүн ичинен ыраазы болбогондор чыгат экен. Андай тамак эмес мындай, үч маал тамак берилсин деген сыяктуу нааразычылыктар бар. Ал эми чартердик каттамдарга мигранттарга билет алып берем деп, көчөдө жүргөн эле бирөөлөр элчиликтин кызматкеримин деп өздөрүн тааныштырып алдап кеткен фактылар аныкталганы ырас. Биздин эл ишенчээк эле да, айткан адамдын документин карап, териштирип отурбай эле акчасын кармата беришкен. Биз аларга айттык, арыз жазгыла, мыйзам чегинде териштирип, жазасын берели деп. Кайра айтышат, жок ал менин тууганым, жердешим, таанышым, арыз жазсам туура болбой калат деп”, - дейт Аликбек Жекшенкулов.

Жарандык уюмдардын нааразычылыгынын дагы бир элчилик чартердик каттамдарга өз тааныштарын салып жатат деген ой болгон. Жекшенкулов Москвада жүздөн ашуун кыргыз жарандык уюмдары бардыгын, эгер аларга ар каттамды өздөрүңөр билгендей толтургула деген бийлик берилсе, чыныгы башаламандык ошондо башталаарын белгиледи.

Бирок аны менен катар элчинин түйшүктүү ишин баалап, ыраазычылыгын айткандар да жок эмес. Алардын бири, карантин башталган маалда Россияда калып кеткен кыргыз үй-бүлөсүнүн ыраазычылыгы болду. Беш адамдан турган үй-бүлө элчиликтин жардамы менен мекенине кайтышкан. 

Элчинин тикелей салымынын артынан Россиянын президенти Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөттү. Андан башка Чеченстандын президенти да кыргыз жерине дары-дармек жөнөттү.

Учурда Москвадагы кыргыз элчилигине чындыгында кыйын. Нечендеген чартердик аба каттамы, автобус каттамдары жасалса да мигранттардын чети оюла элек. А алардын баары мекенине кетүүнү каалашат. Элчиликтин кызматкерлеринин тыкыр иши, мээнети, элчинин көрөгөчтүгү, ишбилги, көсөмдүгү менен этап-этап болуп, кыргыз жарандары кыргыз жергесине кайтууда. Мындай татаал ишти бүлүндүрүп, сырттан кыйкыра бергендер ички түйшүктү кайдан билет дейсиң.