Өкмөттүн басма сөз кызматы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча түшкөн жалпы суммасы 145 млн сомду түзгөн каражат тез жардам унааларын сатып алууга жумшалаарын билдирди. Премьер-министр Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна бул үчүн керектүү документтердин баарын даярдоону тапшырды.
“Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Өкмөт 2019-жылдын башында жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн салынган айып пулдардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн тез жардам кызматын өнүктүрүүгө багыттоону чечкен болчу.
Саламаттык сактоо министрлиги 15-июлда Дүйнөлүк банктын гранттык каражатына “В” классына кирген “Газель” үлгүсүндөгү 13 тез жардам унаасын 764 900 долларга сатып алганын билдирген.
Айрым юристтер грант каражатына тез жардам унааларын сатып алууда баалар жогорулатылган болушу мүмкүндүгүн айтышкан. Алар тез жардам унааларын сатып алууга тендер өткөрүлгөн же жогун жана ага кайсы компаниялар катышканына кызыгышкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу боюнча башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов тендер өткөрүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, аны “эң эле төмөн баа сунуштаган” төрт компаниянын бири жеңип алган.
Исмаилов 13 автоунаанын үчөөсү - бул өпкөнү вентиляциялоо аппараттары жана заряддагыч түзмөктөрү бар болгон экинчи класстагы “Форд Транзит” реанимобилдер деп билдирген. Мындай комплектациядагы ар бир реанимациялык унаанын баасы 90 миң долларга туура келген.
“Майдан. kg” гезити