Бул тууралуу 27-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн кеңешмеде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, адистер жаңы протоколду эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен даярдап жатышат.

Кеңешмеде ар  бир облуска компьютердик томография орнотуу маселеси каралып жатканы айтылды.

Президент коронавирустун жайылышындагы эң жогорку чек качан экенин аныктоо, кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүн божомолдоо, кандай чара көрүү зарыл экенин терең талдоо зарыл болорун белгиледи. Ал дарыгерлерди коргоочу каражаттар, жабдуу жана тамак-аш менен камсыз кылуудагы кемчиликтерди тез арада жоюуну талап кылды.

Жээнбеков ооруну жумуштан жугузуп алгандарга кенемте төлөө, гумжардамды аймактар боюнча тегиз бөлүштүрүү, маалыматты санариптик форматка өткөрүү, аймактарды зарыл дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуу керек экенин айтты.

Мындан тышкары кышка даярдык, ирригация, таза суу, патрулдук милицияны реформалоо, жаңы окуу жылына даярдык маселелери да талкууланды.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция Кыргызстанда 33 296 адамга жукту, алардын 21 205и айыгып чыкты, 1 301и каза болду.

 

“Майдан. kg” гезити