Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы Бишкектеги «Ала-Тоо» эл аралык университетин тандады. Бул тууралуу абитуриент Sputnik Кыргызстанга берген маегинде билдирген.
Акмарал аталган окуу жайдын жаңы технологиялар факультетинин тандап, келечекте IT адиси болууга максат койгонун айтат.
«Бүгүн барып документтеримди тапшырып келдим. Бюджеттик негизде окууга шарт түзүлдү», — деди ал.
Белгилей кетсек, Акмарал Нурбек кызы Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектепти аяктаган. ЖРТнын жыйынтыгы менен 229 балл алып, өлкөдө эң жогорку упай топтогон бүтүрүүчү болду.
Ал бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун колунан алтын сертификат алды.
Элгезит