Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Социалдык тармактарда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салынды деген маалымат пайда болду. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салуу тууралу расмий тапшырма, буйрук чыгарылган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан андай тапшырмалар өлкөнүн бир дагы аймагына жөнөтүлгөн эмес. Учурдан пайдаланып, эпидемия башталгандан бери өлкө үчүн кыйын күндөрдө биздин клиникаларга, дарыгерлерге, саламаттык сактоо системасына жардам көрсөткөн ыктыярчыларга, эл аралык уюмдарга, бизнесмен, ишкерлерге, жарандарга ызаарычылык билдиребиз», — деди Акматова.

Эскерте кетсек, социалдык түйүндөрдө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун медициналык мекемелерге жазган каты кызуу талкууланып жатат. 24-июлда жазылган бул катта ооруканалардын жетекчилери дары-дармек жана жеке коргонуучу каражат жагынан жардам сурап демөөрчүлөргө кайрылган учурлар көбөйүп кеткени, өкмөттү ошентип жаманатты кылган жетекчилер жоопко тартылары эскертилген.

Булак: Элгезит