Жарандык активист Шаирбек Маматокторов соцтармактагы баракчасына саламаттыкты сактоо министринин алмашуусу тууралуу пикирин билдирип, өкмөттүн кадр саясатын такыр түшүнө албай жатканын белгилеген.
"Бүгүнкү күндө, эң маанилүү маселе - калктын саламаттыгы!
Бирок, өкмөттүн кадр саясатын такыр түшүнө албай койдум. Пандемия башталгандан бери жарым жылдын ичинде саламаттык сактоо министрин 2 ирет алмаштырышты. Эмне өзгөрүү болду? Эмне жакшырып кетти? Оорулуулар азайдыбы? Же керектүү дары-дармек көбөйдүбү, арзандадыбы? Балээ да өзгөргөн жок!
Ар бир жаңы министр Саламаттыкты сактоо тармагындагы абалды оңдогондун ордуна, ого бетер талкалап кете беришти. Көбүнчө, фармо-мафиялардын өкүлдөрү бул тармакты башкарып келишти.
Ар бир ирет, ошолордун талкалап кеткен жерлерин, министрдин орун басары Мадемин Каратаев оңдоп-түзөп келет. Качан болсо же региондо, же борбордо, же брифингде же парламентте жооп берип жүргөн болот.
Андан көрө, баары бир жумушун баарын ушул киши кылат экен деп, ушул адамды эле министр кылып койсо неге болбойт?
Көрөсүңөр, азыр кайдагы бир колунан иш келбеген бирөөнү коюп салышат. Акыркы маалыматтарга караганда, ФОМСтун азыркы жетекчиси Боромбаеваны алып келгиси келгендер катуу аракетте. Боронбаева балким жакшы адамдыр, бирок бүгүнкү күндө өтө тажрыйбалуу адис келбесе, эл кырылып калмай болду...", - деп жазды Маматокторов.