Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, үгүт иштерин эрте баштап алганы үчүн дагы бир партия эскертүү алды. Анда айтылгандай, "Реформа" партиясы партиянын слоганы жана программалык тезиси коштогон роликти соцтармакка жарыялаган. Партия роликти бардык соцтармактар жана сайттардан алып салууну убадалады. 

Эске салсак, 4-октябрга белгиленген шайлоого карата үгүт иштери 4-октябрда башталат. Буга чейин ушундай эскертүүнү "Бирик" партиясы алган.