Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга арыз жолдогон 43 партиянын 41и ишмердүүлүгүнүн чыгашаларын көзөмөлдөгөн эсептерин ачышты. 

Мыйзам боюнча банк саясий партиялардын эсебине келип түшкөн жана коротулган каражаттар тууралуу маалыматты БШКга күн сайын берип турушу керек. 

Азырынча жаңы ачылган эсептерге которулган каражаттар БШКнын маалыматында төмөнкүдөй болду: 

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы эсебине 3 миллион сом которду. Кыргызстан жашылдар партиясы 200 сом, ал эми КСДП 50,3 миң сом которгон.  

Башка саясий партиялардын эсеби тууралуу маалымат жок.