Анын жүрүшүндө өлкө башчыга бир катар суроолор узатылды.

- Айрым өлкөлөр азыркы кырдаалда каза болгон жарандарынын элесине арнап, Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоодо. Биздин мамлекетте да, тилекке каршы, мекендештерибиз ушул илдеттин кесепетинен каза болушту…

— Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды.

30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү жарлык чыгат, буйруса. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы.

Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө. Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм. Маркумдардын бейиши болсун дейм. Кыргызстаныбызды Жараткан кудай өзү колдосун.

Булак: баракелде