Коомдук ишмер Качкын Булатов кышкы мезгилге даярдануу, көмүр менен элди камсыз кылууда азыр чечиле турчу бир катар маселелер бардыгын айтууда. Ал белгилегендей, көмүр тарткан графикти өкмөт өзгөртүп бербесе көмүр ташуучу айдоочулардын иши натыйжалуу болбойт.
"Кылычын алып кыщ келерине аз калды. Кара-Кечеден көмүр тартып келгенге оор жүк ташуучу айдоочуларга жеңилдик жана натыйжалуу иш алып барышы үчүн көмүр тарткан графикти өзгөртүп берүү керек. Себеби кышында Кара-Кеченин суугунда айдоочулардын кезеги узарат, анда кезек талашып, өлүмгө дуушар болгон учур да жок эмес. "Жол азабы, көр азабы" дегендей Кызарттын белин кар басып, жол кырсыктары да көп учурайт. Мындай оор жагдайда айдоочулар көр оокаттын айынан иштөөгө мажбур", - деген Булатов өкмөт көмүрдү алган графикти өзгөртүп Казакстандын көмүрүн январь, февраль, март айларында ала тургандай кылса айдоочулардын көктөн издегени жерден табыла турган болоорун белгилеген.
"Калган айларда өзүбүздүн Кара-Кечеден көмүр алынса көмүр өндүрүүгө чоң секирик болмок", - деп кошумчалады ал.