- Өмүрзак мырза, “Президент жана бомж-3” тасмаңыздар интернетке жарыяланып, кызуу талкуу жаратып жатат. Анда саясаттын курч маселелерин козгоп, баш калаабызга 30-50 кабат имараттарды курууга чакырык таштаптырсыз. Ушул оюңузду кененирээк чечмелеп бербейсизби?

- Адабият, кино коомдун талылуу көйгөйлөрүн чагылтып, алдыга жылуу үчүн сунуштарды киргизет. Бул эзелтен келаткан нарктуу салт. Бирок, өкүнүчкө карай, кийинки учурларда биздин чыгармачыл инсандар ага маани бербей, майда-чүйдө маселелерди камтуу менен чектелип калды. Чыгармачылык иш сапар менен көп өлкөлөрдө болом. Москва, Нур-Султан, Баку, Грозный шаарларындагы асман тиреген имараттарды көргөндө ич күйөт: “Биздин Бишкек, Кыргызстаныбыз качан ушинтип өнүгөт?” деп. Анан мындай ойду кино аркылуу сунуштоого туура келди.

- Бул сунушуңуз, арийне, колдоого арзырлык. Бирок, экономикабыз  начарлап турганда ага мүмкүнчүлүк жетишээр бекен?

- Назарбаев Астана шаарын курууну сунуштаганда Казакстандын экономикасы деле оңуп кеткен абалда эмес болчу. “Көз коркок, кол баатыр” деген. Шымаланса тоо томкорсо болот го. Астанага чет өлкөлүк бай ишкерлер акча салышты. Өздөрүнүн “Казак темир жолу” өңдүү бай ишканалары киришти... Бул ыкманы бизде деле эмнеге  колдонууга болбосун?! Мисалы, бай ишкана ээлери, байгер ишкерлер, олигархтар Салымбеков, Түлеев, Бабанов, Абдыкеримов, Жумалиев, Матраимов, Шадиев... Ар бири ушундай бирден имараттарды, бирден завод, бирден фабрикаларды курууну колго алышса... Грозныйда, мисалы, 4-5 гана 35-45 кабат имарат курулган. Бирок, шаарга, өлкөгө кандай чоң шаң, сөөлөт берип турат... Мисалы, узундугу 50, туурасы 30 метр болсо, бир кабаты 1500дөн 40 кабаты 60 миң чарчы метр. Ар чарчы метри 300-500 доллардан курулса, орточо 25 миллион доллар болот экен. Ар бир ишкер ушундай имараттан бирден курса. Алдыңкы кабаттарын кафе-ресторан, офис, мейманкана кылышып, жогорку кабаттарын өз баасында элге узак мөөнөткө насыяга беришсе... Биз кинодо президентке айттыргандай, анда шаарыбыз, өлкөбүз өсмөк. “Астана-эксподо” 150 миң киши иштеди, бизде 300 миң жумушчу орундар ачылып, азыр чет өлкөлөрдөн келип жатышкан жаштар жакшы маяналуу иш менен камсыздалмак. Казынага олуттуу киреше түшмөк... 

- Мындай сунушка акчалуу ишкерлер кандай карашаар экен?

- Бир мисал. Өткөн жылдын аягында көп өлкөлөрдүн катарында Белоруссияга барып, Бакиевдердин 700 миллион долларга жакын каражатка Минск шаарына бир нече заводдорду куруп жатканына күбө болдум. Курманбек Салиевичке жолугуп, ушул оюмду билдирдим. “Мынчалык зор каражатка өзүбүздүн Бишкекке канча асман тиреген имараттарды, завод-фабрикаларды курсаңыздар биздин эл ыраазы болот эле” дедим. “Андай мүмкүнчүлүк болсо, эли-жерибизге жан дилибиз менен кызмат кылмакпыз”- деди Курманбек Салиевич. “Айрымдар ойлошот: “жүздөгөн  миллион долларды уурдап кетип куруп жатат” деп. Жок. Бул бизнес. Адегенде мен 200 миң, Данияр 200 миң доллар каражат кошуп, ишти баштап, Кытайдан көптөн бери иштешип жүргөн бай инвесторду чогуу кызматташууга чакырдык, ал ири каражат салды” деди экс-ажобуз Бакиев. Ошондон кийин мага ой келди. Бакиев, Акаев, Бабанов, Шадиев, Матраимов өндүү азыр четтеп жүрүшкөн мурдагы ажо, өкмөт башчы, чоң аткаминерлердин өздөрүнүн чоң каражаттары, чет өлкөлөрдө мамилелеш бай достору бар, аларды Кыргызстанды өнүктүрүүгө тартсак, мамлекетибизге, элибизге пайда болбойт беле?!

- Акаев, Бакиев, Бабанов, Шадиев, Матраимов... Алардын көбү бизде кылмыштарга шектелип, күнөөлөнүп жатпайбы...

- Кылмыштарга шектелгени менен жазаларга тартылып, камалышкан жок да. Эми деле андай жазага кириптелээри күмөн. Антип саналуу байгер ишкерлерибизди мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүүгө аргасыз кылбай, каржылык амнистия жарыялап, Мекенибизге кызмат кылууга чакырсак утмакпыз... Мына, Бишкек ЖЭБинен ири каражаттарды ысыраптагандыктары (уурдагандыктары) үчүн Исаков, Сатыбалдиев, “Дастан” ишканасы боюнча жемкорлукка айыпталып Ибраимов камакта жатат. Арийне, кылмыштары үчүн жазалангандары ийги көрүнүш. Адилеттик калыбына келтирилгени. Бирок, орустар “халва дегенден ооз таттуу болуп кетпейт” демекчи, куру жазадан көрө аларды кустурганда, же башкача ишкерлик жол менен каражаттарын эл кызыкчылыгына жумшаганда пайдалуу болбойт беле?! 

- Азыр эл эсебинен туйтунгандардын байлыктарын мамлекетке тартып алуу демилгесин көтөргөн топтор пайда болду. “Жегичтердин кымбат мүлктөрүн мамлекетке тартып алалы” деп ураан чакырышууда... 

- Балээнин баары мамлекеттик, элдик байлыктарды менчиктештирүүдөн башталган. Биз эмес, ири мамлекет Россиянын негизги байлыктарын дүйнөлүк 5-6 “башкаруучунун өкүлдөрү” ээлеп алышканын, эми аларды кайтаруу кыйындыгын орус билермандары моюнга алып жатышпайбы. Зор байлык топтогондор да тегин жандар эмес, абдан куу, эл аралык мыйзамдарга таянышат. Кийинки коррупционерлердин деле жегендерин далилдеш кыйын. Элдин, мамлекеттин байлыктарын уурдагандарды кустуруу негизи колдоого алаарлык демилге. Бирок, ал жол коомдо чыңалууну жаратып, кырды бычак абал түзүүсү кооптондурат. Демек, реалдуу караганда андан майнап чыгуусу күмөн... Чыгармачыл, демек, адилеттик үчүн күйгөн иретинде мамлекеттин эбегейсиз байлыктарын менчиктешип, борсугандарга  жаалым кайначу. Ыраматылык “Шорочу” Эгембердиев: “Алар жеген байлыктарына кафе, ресторан, ишкана салышып, элге кызмат кылат”- дегенине ынандым ачуум сээлдеген убагында. Эми өлкөбүздүн зор байлыктарына ээлик кылгандар четинен чет өлкөлөргө чыгып кетишип, топтогон байлыктар эли-жерибизге кызмат кылбай калганы өкүнтүп атпайбы...

- “Манастын уулу Семетейди” тартууга аракеттенип жүргөнүңүздү билдирдиңиз эле. Ал долбоор эмне болду?

- Бир катар өлкөлөрдүн киночулары менен бирдикте улуу эпосубузду эл аралык киного айлантууга киришкенбиз. Улуу тумоо кендирди кесип, убактылуу токтотуп койду. Ага чейин “Бир алкак - бир жол” эл аралык экономикалык уюмунун колдоосу астында Казакстан, Кытай менен бирдикте “Бактылуу болгула!” аттуу кино тартууга киришүүнү болжоп турабыз.

- Таажы тумоо өлкөбүздү каптап, шайды оодарып турат. Алыста жүрсөңүз да кабардар чыгаарсыз?

- Арийне, күн сайын, саат сайын интернетке үнүлүп, көңүл чордонунда өлкөбүздөгү, элибиздеги көйгөй. Кудайым колдоп, кыйын кырдаалдан аман-эсен чыгып кетсек экен деген тилек.

- Ошону менен бирге парламенттик шайлоо башталды. Саясий кинолорду тартып жүргөн чыгармачыл инсан катары кайсы партияны колдойсуз ? 

- 2011-жылы парламенттик шайлоонун астында “Ата-Журт” 1-орунду алат” дегенимди кийин саясий талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев эскертип айтпайбы. Бул көзү ачыктык эмес, саясий агым кайда баратканын аңдайсың да. Азыр пандемия азасы аралаш шайлоо шаң башталды. Күркүрөп,  “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары алдыга чыгабыз деп эдиреңдеп турашат. 

- Анда оппозициялык “Ата-Мекен” менен “Бүтүн Кыргызстан” жеңишке жетиши ыктымалбы?

- “Ата-Мекен” батышчыл, Америкачыл катары таанымал. А биздин элдин көпчүлүгү Россия, Казакстан менен жакындашып, Батыш жана Америкадан алыс. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” 2 жолку парламенттик, 2 жолку президенттик шайлоодо жеңишке жете албай, көпчүлүк электораты “баары бир өтпөйт” дегенчелик супсууну суугандай го.

- Садыр Жапаров түптөп, эми Камчыбек Ташиев көтөрүп жаткан “Мекенчил” партиясына оюңуз кандай?

- Элдин көпчүлүгү чындык, адилеттик үчүн күрөшкөн инсандарга, алардын партияларына оой тургандыгы анык. Расмий үгүт кампаниясы башталганга чейин кайсы бир партияга симпатиямды айтуудан алыс болуп турайын. Жеке личность  катары жеке мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди терең урматтайм... “Мекенчил” ж.б. партиялар тууралуу сөздү ошол үгүт башталган маалда терең талдап, айтып берейин. Ага аз калды...

Булак: "Майдан.kg" газетасы