Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан экинчи ирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал 23-июлда кечке жуук сурактан чыкканын, Бүгүн, 24-июлда дагы атайын кызматтын Тергөө башкармалагына барат.

«Тилекке каршы, сурактын маңызы тууралуу азырынча айтууга тыюу салынды. Бирок соңку күндөрү болуп жаткан тенденция аркылуу өзүңөр деле түшүнсөңөр болот», — деп жазган ал.

УКМК экс-элчини кайсы иш боюнча чакырылганын кабарлай элек.

Белгилей кетсек, буга чейин Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына 5-августта президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча нааразылык акциясы болорун жазган. Интернетте пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтерин, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин жазып келген.

Булак: Элгезит