- Камчыбек Кыдыршаевич, илдет менен алышып ооруканадан сакайып чыкканыңызга аз эле убакыт болду. Азыр акыбалыңыз кандай?
- Кудайга шүгүр, илдетти жеңип чыктым. Бирок бул оору абдан жаман экен, айыккандан кийин да көпкө чейин адам шалдырап, алсыз болуп, акырындык менен гана ал-күчүнө кирет экен. Мамлекетибиздин көптөгөн жарандарын бул дарт кыйнады, алышып апааттан чыгып кеткендери да, тилекке каршы чыга албай калгандары да бар. Бүгүн ооруп, беш –алты күндөн кийин жакшы болуп, чуркап кете албайт экенсиң. Мен өз жон терим менен сезгендеримди айтып коеюн: дартка чалдыкканда биринчи белгилери пайда болоору менен кечиктирбестен медициналык жардам алуу зарыл. “Азыр мындай дарыланыш керек, аны-муну ичиш”- керек деген ыкмалар көп айтылып жатпайбы, ага убакыт коротпой, дароо эле ооруканага барып, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууну баштоо кажет. Анткени мен ооруп баштаганымда беш-алты күн уттуруп койдум. Алгач үч күн иш сапарында жүрдүм, ал жактан келип үйдө жаттым. Акыбалым оордой баштаганда ооруканага кайрылдым, бирок орун таба албадым. биринчи ЮРФАнын ооруканасына барсам, кезек күткөндөр көп экен, бир нече саат келинчегим экөөбүз күтүп отуруп, кезек тийбегенинен үйгө кайттык. Эртеси Улуттук госпиталга бардык, ал жакта эшигин чынжырлап бекитип коюшуптур. Ага карабай кезек күткөн беш-алты адам турат, эч кимди кабыл алышпай, ызы-чуу экен. Мындай учурда “мени кабыл алгыла”- деп киргеним туура болбостур деп кайра үйгө кеттим. Келинчегимди балдарга дайындап, “эптеп орун таап жаткыргыла”- дегем, алар уруш-талаш менен жаткырышыптыр. Эки күндөн кийин “Гансиде” убактылуу оорукана ачылганын угуп ал жакка бардым. Анда да шарт жакшы болбой калып, үйгө кайтууга туура келди. Ошентип жүрүп, бир нече күндү жоготтум. Анын азабынан ден-соолугум катуурак кыйналып калды. Менин айтайын дегеним, ооруган адамдарга тез арада медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылышы керек. Ошондой шарт түзүүбүз зарыл.
- Белгилүү дин аалымыбыз Чубак ажы каза болуп калды. Ошол убакта ооруп жатканыңызга карабай соцтармактагы баракчаңыз аркылуу көңүл айттыңыз. Курулуп жаткан мечитке ажынын ысымын берүүнү чечкениңизди билдирдиңиз. Чубак ажыны кандай эскерет элеңиз?
- Чубак ажы тууралуу айтуу мен үчүн өтө оор... Ар бир жолу эскергенимде кайгы-капа менен оор кабыл алам... Кээ бирөөлөр жеңил-желпи эскеришип, ал турмак ал киши менен сүйлөшкөн аудиолорун жарыялашты. Мен андай кыла албайм. Мурда эле ал кишини урмат-сый менен карайт элем, көзү өткөндөн кийин барк-баасын ансайын билдим. Чубак ажынын өлүмү миллиондогон адамдардын көз жашын агызды, бул кайгы ар бирибиздин жүрөгүбүздөн өттү. Ажы каза болгондо акыбалым жакшыра баштаган маал эле, бул кайгы кайра мени төшөккө жыгып, ден соолугум начарлады. Чубак ажы кыргыз элине, кыргыз коомчулугуна, кыргыз мамлекетине сиңген инсан болду, аз бирок саз жашады. Адамзатынын тагдыры ушундай экен: маңдайга жазылган жашты жашайбыз, кээ бирибизге жыйырма жылга гана өмүр сүрүү насип этилсе, кээ бирибиз отуздан ашып, айрымдарыбыз сексен-токсонго чейин жетебиз. Бирок Чубак ажынын 45 жылы мамлекеттин тарыхына өчпөс изин калтырды. Айылда мечит куруп баштаганыбызда аалым өзү келип, пайдубалына биринчи күрөк топурак таштады эле. Курулуш соңуна чыккыча көзү өттү, мечиттин ысымын Чубак ажынын атынан атайлы деп чечтик. Мындан көп нерсе айта албайм, жүрөгүм ооруп турат...
- Ооруканада дарыгерлердин аракетин кандай бааладыңыз?
- Бул кырдаалда дарыгерлер, жалпы эле медицина кызматкерлери жоокерлердей эле. Башында медкызматкерлерибиз көп болчу, кийинчерээк илдетти өздөрү да жуктуруп алышып, катары азайды. Биринчи жолу айтып жатам, Медициналык Академиянын 21 жаштагы студенти Адинай Мырзабекова кайтыш болбодубу, мени дарылаган медкызматкерлердин арасында ал да бар эле. Беш-алты күн жаттым, ошол убакыт аралыгында тынымсыз карады. Узун бойлуу, татынакай, шагдам кыймылдаган, өтө тарбиялуу экени билинген кыз болчу. Бир келгенде карасам көз айнегинин ичи бууланып, бети тердеп кеткенин байкадым. “Кызым, көз айнегиңди чечип, бетиңди аарчып, эс алып, дем алып алчы. Карачы, кыйналып калыптырсың”, - десем, “Жок, байке, кезметим бүткүчө чечкеним болбойт”, - деген. 21 жаштагы кыз кыйналып-кысталып, тердеп-бышып, бейтаптардын ден соолугуна кам көрүп чуркап жүрдү. Ал акча же наам, даңк үчүн эмес ички дүйнөсүнүн тазалыгынан бейтаптарга жардам берсем экен, айыктырып, буттарына тургузсам экен деген ниетине байланып чуркады. “Келечекте дарыгер болсом, оорулууларга жардам берсем”- деген ички сезими менен алпурушуп атып өзүн караганга, өзүнүн ооруп жатканына маани бергенге үлгүрбөй кете берди. Мен биздин дарыгерлерге өтө чоң ыраазычылык билдирем. Мындан ары да аягына чейин туруп бергиле деп суранам. Ар бир адамды, ар бир эмгекти убагында, көзү тирүүсүндө баалай билсек. Көзү өткөн адамга наам беребизби, сыйлыкпы, маркумга кереги жок, бул тирүүлөрдүн кызыкчылыгындагы нерсе болуп калат экен.
- Эпидемия башталганда эле Сузак районуна келип, элди камкордукка ала баштагансыз. Беткап, азык-түлүк тараткансыз. Ден соолугуңузга байланыштуу кайрымдуулук иштериңиз токтодубу, же улантып жатасызбы?
- Мамлекетке келген апаатты баарыбыз чогуу жеңишибиз керек болуп калды да. Баарыбыз бирикпесек жалгыз мамлекет да жеңишке жете албайт. Ошондуктан апаат башталгандан бери жардам берип келатабыз. Кылганыбыздын азы ачыкка чыкса, көбү көмүскө жүргүзүлдү. Бул илдетке каршы күрөшүүдө эле эмес, деги эле мамлекеттин башына түшкөн ар кандай кыйчалыш кездерди сырттан байкап, четте турган адам эмесмин. Кандай кырдаал болбосун мамлекеттин жүгүн жеңилдетүүгө, элибиздин кем-карчын толуктоого салым кошконго аракет кылам. Мен ооруп калганда баштаган иштеримди балдарым улантышты. “Атабыз ооруп калганда иштерин ара жолго калтырбайлы”, - дештиби, өздөрү курактуу балдарды чогултуп алышып, кайсы бир адамга, кайсы бир үйгө жардам керек экен дешип, дары-дармек, азык-түлүк ала чуркашып иштеп жатышты. Азыр да кычкылтек концентратору келген экен, муктаждарга жеткирели деп кетишкен. Азыр эми акыбалым жакшырып, бутка турганымдан кийин кайрадан кайрымдуулук ишиме кириштим. Мындай иштерди өмүр өткүчө кылабыз. Кимдир бирөө шайлоо үчүн жасайттыр, кимдир бирөө эл көрсүнгө аракеттенеттир, а бирөөлөр тили менен сайрап, сөз жүзүнөн иш жүзүнө өтпөйт. А мен өмүр бою жасап келатам, мындан ары да жасай берем. Өмүрдүн аз экенин, баалуу экенин сезе билип, ошол аз, баалуу убакытты артыңда из калтырууга арноо керек. Мисалы, Сузай районунун четки айылдарынын жолун караган адам жок. Таш, шагыл төгүлүп жатчу. 2005-жылы биринчи жолу депутат болгонумда ошол жолдорду оңдоону баштагам. Андан бери уланып жүрүп отуруп, соңуна чыгып, чоң трассага барып кошулганына 10-15 күн гана болду. Ал айылда аз түтүн калк жашайт, бирок адамдын санынын аз-көбүндө эмес кеп, ар бир жарандын жашоо ыңгайын жакшыртуу негизги маселеге айланууга тийиш. Жол курулуп жатканда ооруп калдым да, “Сиз айыкканда уланталы”, - дешти. Мен айттым, кандай акыбалда болсом да иш токтобошу керек, аягына чыгара бергиле деп. Менин планым ушундай: бүгүнкү кырдаал бүтмөйүнчө, элдин саламаттыгы коопсузданып, илдет түп-тамырынан кыркылмайынча, күрөшүбүздү токтотпойбуз. Тыйын-тыпырыбыз калбай калса, керек болсо анча-мынча мүлкүбүздү сатабыз, аракетибизди ара жолго калтырбайбыз. Мындайда шайлоо деле эсиңе келбей калат экен, эси-дартың элди сактап калалы деген тилекке байланат экен. Элдин саламаттыгы тараза турганда, кайдагы шайлоо?
- Кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн дарегине көп сын айтылып жатат. Илдетти алдын алуу иштерин жакшы жүргүзбөдү деп айыпташууда. Сиздин оюңузча кыргыз өкмөтүнүн иши канчалык деңгээлде ырааттуу болду?
- Бул илдет чынында согуштай эле болуп калды. Күнүнө расмий маалыматтар боюнча 80 чакты адам кайтыш болууда. Расмий эмес, ооруканага кайрылбай үйүндө ооруп жатып узагандарды кошкондо күнүнө 100дөй адамды колдон жулдуруудабыз. Бул чоң жоготуу, согушка даярданып, аны жеңип чыгуу керек. А биздин бийлик, өкмөттүн жасаган иштерине элдин ичи толбой жатат. Ошол эле учурда сырттан карап, сынга ала берүү оңой. Согуштун ичине кирип, душман менен кармашып жеңип чыгуу кыйын. Апаатка каршы даярданууга өкмөттө убакыт да, каражат да болду, бирок жакшы кыла албады. Анын кесепетин минтип жарандар тартып жатат.
- Дары-дармек сакталган кампалар табылды деген маалымат тарады. Аны менен катар дары-дармектин баасын атайын кымбаттаткандар да ачыкталганы айтылды. Сиз бул тууралуу эмне дейсиз?
- Өкмөт башчы таңкыс болуп жаткан дары-дармектер жашырылган мынча кампа табылды деген маалымат таратты. Бирок “а” дегенден кийин “б”ны да айтыш керек эле. Кампа табылды бирок анын кимге тийиштүү экени, ичинде канча дары-дармек катылганы ачыкка чыкпады. Бүдөмүк маалыматтан улам коомчулук андан аркысын өзү токуп, кайсы бир ишкерлерге тийиштүү кылып чыгарышты. Эгер чындап эле кампа табылганы анык болсо, ээси кимдиги ачык айтылышы керек эле да. Эгер менин колумда бийлик болсо ошол кампалардагы дары-дармектерди конфискациялап элге бекер таратмакмын. Элди бүгүн сактап калыш керек, эртең, бүрсүгүнү деп отура берүү кеч болот. Ар бир ишти ыкчам жасап, кескин чечимдерди кабыл алуу бүгүнкү күндүн талабы. Дары-дармек керек маалда жашырып отургандар согушта ок-дарыны катып койгон чыккынчыларга тете. Алар өз убагында жазаланышы керек. Ушундай апаат жүрүп, өмүрлөр өтүп жатканда элге пайдасы тийбеген мамлекеттин качан пайдасы тиет?
ММКлар сырттан Кыргызстанда 600 миллион доллар жардам келди деп жазышты. Сапатсыз тез жардам унааларынын кымбат баада сатылып алынганы да жазылды. Ал каражаттар кайда иштетилди, натыйжасы кандай болду – белгисиз. Тез жардам унаалары кандай жол менен сатылып алынды, бул да белгисиз. Учурда элибизди элибиз сактап жатат. Катардагы ишкерлер, жарандар үйүндө катып койгон акчасын алып чыгып, жалпы ишке кошуп, бири бирине жардам беришүүдө. Мамлекет жок дегенде чыккынчыларды таап, жоопкерчиликке тартып, башкаларга үлгү кылышы керек.
- Оор кырдаал башталып жаткан чакта парламент каникулга чыгып кеткени коомчулукту нааразы кылды. Депутаттардын каникулга чыгып кеткенин сиз кандай кабыл алдыңыз?
- Парламенттин 6-чакырылышы өтө көп сындалды, аларга сын айтуу азыр баатырлык да болбой калды. Бул чакырылыш сынга татыктуу, арасында элди-жерди катуу көзөмөл кылып, бийликке жүгүнүп бербеген саясатчылар болбой калды. Депутаттардын ар бир кылган иши коомчулукка шардана болууда. Мисалы эмгек эргүүгө канча суммадагы каражат көтөрүп кетишкени да ачыкталды. Бири 200 миң, дагы бири 300 миң, айтор эл кыйналып, мамлекеттин казынасы бөксөрүп жаткан маалда эбегейсиз эле сумма алышыптыр. Арасында 200 миң алса, 300 миң кылып элге кайтарчу азаматтар да бар, бирок көпчүлүгү акчаны алып эс алууга кетишкени айтылып жатат. 120 адамга 300 миңден эсептегенде 30 миллион сомдон көп болуп кетип атпайбы. Илдет менен күрөшүүгө акча таппай карайлап турганда депутаттардын бул кылыгы элдин нааразычылыгын албетте, жаратат. Эл башына мүшкүл түшүп турган чакта эс алууга кетишкенинен да олчойгон сумманы көтөрө кетишкени жакшы болбой калды.
- Азыр парламенттик шайлоо тууралуу кайчы пикирлер көп. Шайлоо күнүн кийинкиге жылдыруу керек дегендер бар. Сиз кандай ойлойсуз, убагында болгону туурабы, же кийинкиге жылдыруу зарылбы?
- Биз азыр митинг дегенди токтотушубуз керек. Себеби азыр апаат менен күрөшүп жаткан маалда кайсы бир саясатчыларыбыз, коомдун кайсы бир бөлүгү жеке амбицияларына алдырышууда. Бийликти жамандап, чоң күнөөнү илип коелу деген аракет. Убагы келгенде ар бир нерсе тарых алдындагы баасын алат, апаатты алдын алуу иштерин жакшылыктуу жүргүзбөгөндөр жооп бериши керек. Бирок азыр эмес. Азыр бардык күчтү апаатты жеңүүгө бириктирүүбүз зарыл. Ал эми парламенттик шайлоо Конституцияда белгиленген мөөнөтүндө өтүүгө тийиш. Артка жылдыра турган болсок, бир күн болсо да мамлекет парламентсиз жашап калса мыйзамсыз жашап калабыз. А мыйзамсыз жашоо толтура маселени жаратат. Ошондуктан өз убагында өткөрүү керек.
Булак: "Майдан.kg" газетасы