Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.
30-июнда А.Атамбаев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына (атайын оорукана) жаткырылган. Андан эки тараптуу пневмония аныкталып, ал эми ПЧР-тесттин жыйынтыгында коронавирус тастыкталган эмес.
9-июлда УКМК Атамбаев айыкканын жана кайрадан тергөө изоляторуна которулганын билдирген болчу.
Булак: Баракелде