Кеңешмеге Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышты.
Анда кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бир областта медицина бөлүмдөрүндө дарыланып жаткандарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү жана кошумча атайын стационарларды ачуу жана кызматкерлердин ден соолугуна, ардагерлердин саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу жана ар тараптуу бардык жардамдар берилиш керектиги талкууга алынды. Ошондой эле, аталган багытта ишти колго алууда жана уюштурууда жергиликтүү жетекчиликтин жоопкерчилиги катуу болоорун эскертилди.
Онлайн-кеңешменин жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги проритеттик багыттарда ишмердүүлүктү күчөтүү багытында тапшырмалар коюлду. Мындай онлайн кеңешме ИИМде ар жума сайын өткөрүлүп коомдук тартипти сактоо багытында орчундуу маселелер талкууга алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып турат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы