- Сабыр байке, салам! Учурдагы абалга байланыштуу жолугуп учураша албай, ушинтип телефон менен кабарлашып калдык. Кандайсыз? Ооруканадан чыкканы жакшы болуп калдыңызбы?
- Рахмат Нургазы. Бул балээ - жаман оору экен. 1-июлдан башталганда этибар албай, он чакты күн үйдөн дарылана берип күчөтүп алып, компьютердик томография эки тараптуу, 50% пневмония дегенден кийин, аялым, эки балам, келиним, мен катуу ооруп калдык. Ооруканаларда орун жок, дарыканаларда дары-дармек жок, жаман кыйналып, акыры үй-бүлөм көпчүлүгү больницага жатып, балам экөөбүз Салымбековдордун медресесесинде Тынчтык Алтымышов уюштурган “Ынтымак” обсервациясына түшүп, бир жумадан он күнгө чейин жатып, ыктыярчылардын колунан жакшы болуп чыктык. Кудай сактады. Бери карадык... Азыр жакшы... , алсырап, анан жөтөл кетпей атканы болбосо оңолуп баратабыз..., жаман болдук, сактангыла, балдарга айт, абайлагыла.
- Сабыр байке жакшылап сакайып, эл катарына кошулушуңузга тилектешпиз! Эми “бери карадык” деп атпайсызбы, демек өлкөдөгү абалга баам салып, жаңылыктар менен да таанышып жатсаңыз керек. Сурайын дегенибиз, мобу соцтармактардагы талаш-тартыш, айтыш, бири-бирин күнөөлөлөр тууралуу. Активдүү жарандар учурдагы кырдаал үчүн бийликти, анын ичинде президентти күнөөлөп, “кетсин, жоголсун”- дегенге чейин барып жатышат. Сиз кандай дейсиз? Учурдагы кырдаалга ким күнөөлү?
- “Башы оорубагандын Кудай менен иши жок”- деген сөз бар. Ошо соцтармактарда бакылдап аткандардын баары дени-карды соо адамдар.
Алар ошо соо болгон үчүн ошентип саясат менен алектенип атышат. Алдыдагы шайлоого карата кара пиар, ак пиар жүрүп жатат. Оппозициялык маанайдагылардын добушуна көз арткандар оппозициялык ураандар менен чыгып, бийликти болушунча боктоп упай топтоо үстүндө... Бирок ким болбосун, оору келээри менен саясатын унутуп, кара жаны менен алек болуп калып атат. Кара башына күч келгенде унутат экен баары бир, пиарды...
Азыр ооругандар көп болуп атат. Бирок, бирин-серин оорубагандардын ызы-чуусу деле жетиштүү болууда. Бирөө өлүп атса, бирөө күлүп атат деген кеп бар. Бирөөлөр “күлүп атат” дебесин деп, -“мен күйүп атам” деген образга кирип алып, оорулуларга боор тарткан адам болуп, аларды карабай атат деп бийликти шыбап, “кетсин, жоголсун” деген демилгени көтөрүп, жалпы элди жерге түкүртүп, бийликтен түңүлтүп, тескери буруп кетүүнү көздөгөндөр бар. Алар көбүнесе Алмазбек Атамбаевдин ж.б. трайбалистердин элди түндүк-түштүк кылып бөлүп жаруу аркылуу азыркы бийликтин аброюн түшүрүп, элди айнытып, бийликтен кулатып, өч алуу идеасын колдогондор болуп жатат.
Бирок алар канчалык жандалбастабасын, эл алардын бийликке каршы көтөрүлүү, бийликти кубалап кетирүү идеасын колдогон жок.
Себеби эл көрүп-билип турат. Бул бүт дүйнө жүзүнө келген апаат, жалпы адамзат кыйналып жатат. Биздин өкмөт оорунун жайылышынын экинчи этабын туура баалай албай, даярдыгы начар болду, анүчүн күнөөлү экени талашсыз. Ошол эле учурда оорунун кеңири жайылышына биз өзүбүз, жалпы элибиз да, эрежелерди сактабай, топурап көчөгө чыгып кетип, күнөөлү болуп атпайбызбы.
Анан ошондой кырдаалда “сен күнөөлүү, мен күнөөлүү” деп акыйлашкандын ордуна колдон келген чараларды көрүп, кыйналып, көчөдө кулап аткандарды ойлошубуз керекпи? Же ким күнөөлүнү таап жазаламайын андай иштерге көңүл бурулбай тирешип тура беришибиз керекпи?
Эл ушу маселеге келгенде баарын ачык-айкын түшүндү. “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы2 деген заман келгенин туйуп билди. Козуткучтарды ээрчип көтөрүлүп кеткен жок. Элдин камын жеп, ооруга каршы көтөрүлгөндөрдү колдоду. Бийлик, мэрия, догдурлар, ыктыярчылар жапырт көтөрүлүп, колдон буттан алып, оорулулардын камын көрүп, кошумча күндүзгү, түнкү ооруканаларды ачып, элибиз учурдагы туура багытты тандады. Элибиз биригип кетти. Ар ким аз болсо да салымын кошуп, жалпы элдик тилектештик пайда болду.
Андан башкача болушу мүмкүн да эмес эле. Мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу мыйзам чыгаруу бийлиги жокко эсе болуп турганда, “өлгөнгө көмгөн кылып”, президентти кубалап, такыр бийлик жок, хаос башталса эмне болот элек? Кимди апкелип отургузуп, кимге баш ийет элек. Текебаевди, Бабановду же дагы кимисин апкелсең дагы, -“Эй сен кимсиң, ким шайлады сени, эмне отурасың” - деп бирде бирөө укмак эмес да. Аптекалар, өрттөлүп, тонолуп, Бишкек 2005, 2010-жылдагудай түтөп турса, оорулуларды караган эч ким жок кырылып жатса кимге жакшы болот эле.
“Эл эмне болсо ошо болсун, Сооронбай Жээнбековдон өчүмдү алсам болду” деген Алмазбек Атамбаевге эле жакшы болбосо башка эч кимге жакшы болмок эмес. Америкада туруп алып, “кет деш керек, жоготуш керек, кууш керек, Сооронбай Жээнбеков кетсин!”-деп аткан Адилет Айтикеев иниме деле жакшы болмок эмес. Анын эли, энеси, ага тууганы шорго малынганы Адилетке жакшы болмок беле.
Адилет Айтикеев жаш чагынан чындык үчүн күрөшүп, 2005, 2010-жылдардагы көтөрүлүшкө бирге катыштык. Бирок ал кез башка, азыркы убак башка. Ал кезде эл тажаган бийликтерди “кетсин” дегенбиз, кууганбыз, анткени ал кезде азыркыдай пандемия болуп эл кырылып аткан эмес. Анан азыр, ушундай эл кырылуу чегине жетип турган кырдаалда мамлекетти башсыздандырып, хаоско үндөө бул өтө ойлонулбаган жоопкерчиликсиз чакырык. Азыр ошо күнөөлүү болгон өкмөттү да алмаштырып отурганга шарт жок. Азыр ар бир мүнөт кымбат. Азыр күнү-түнү аракеттенүү керек...
- Парламенттик шайлоо, анын мөөнөтү тууралуу дагы көп сөздөр чыгып атат. Шайлоону артка жылдыруу идеясына кандай карайсыз?
- Парламенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча ар кандай пикирлер, демек ар кандай пикирдеги топтор бар. Шайлоого карата ошол топтордун добушун өзүнө буруп алгысы келген саясый күчтөр ылайыгына жараша билдирүүлөрдү таратып жатат.
Карапайым, анча мынчаны ылгабаган көпчүлүктүн көңүлүн өзүлөрүнө буруп алууну көздөгөн күчтөр: “Ушундай заман болуп эл кырылып атса кайсы бети менен шайлоо уюштуруп жатат”- деген чакырык менен чыгышып, бир далай будуң-чаң салышты. Алар баш мыйзам боюнча ошондой экенин, мөөнөтү бүткөн парламент жаңыланышы керектигин, болбосо бийликтин бир бутагы жок аксак мамлекет болуп, алсырап, жок болуу жолуна түшүп калаарыбызды айтышкан жок. Билип туруп айтышпай, баш айландырып упай топтоону артык көрүштү.
Президент эгерде өз убагында указга кол коюп, шайлоону жарыялабаганда кандай болмок? Анда “милдетин аткарган жок” деп күнөөлөмөкпүз да. Айтор ар кайсы тараптар өзүлөрүнө ыңгайлуу гана пикирлерди айтып, ыңгайсызын жашырып айтпай элдин пикирин манипуляция кылганга аракеттенишүүдө. Бул эми саясат.
Шайлоону эки-үч айга, же андан да көбүрөөк артка жылдыра туралы дегендер негизинен азыркы шартта үгүт иштерин жүргүзүү, жолугушууларды уюштуруу мүмкүн эместигинен, жана ошондой эле даярдыктары начардыгынан улам айтып жатышат. Алардын айтканын канагаттандырып артка жылдырганда ал убакта пандемия кандай болоору белгисиз. Азыркыдан да күчөп кетсе кандай болот (?) деген суроо жоопсуз турат.
Андыктан азыркы абал тууралуу бизге караганда толук кандуу маалыматы бар бийлик баарын көрүп-билип шайлоо өз убагында октябрдын башында болсун деп турат. Азырынча жылдырган кажет эмес дешти. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет”- деген кеп бар. Эгерде ахыбал чектен чыгып, пандемия күч алып, шайлоо өткөрүүгө такыр мүмкүнчүлүк калбаса, анда айласыздан да шайлоо мөөнөтүн өзгөртүүгө туура келет. Аны ошо жогорку жактагылар чечсин. Аларда маалымат көп, алар жалпы обстановкага үстүртөн көз салып турушпайбы.
Негизи “шайлоо керек, керек эмес” деп ызы-чуу салбаш керек. Легитимдүү мыйзам чыгаруу орган керек. Ылайыгы келсе өз убагында шайлап алганыбыз оң. Кимди кантип тандайбыз аны интернеттен карап тандасак болот. Биз мамлекет катары сакталып калабыз десек шайлоосуз баары бир болбойт. Кудай анын бетин ары кылсын, оору күч алып, жарымыбыз кырылып калсак да калгандары, баары бир аягында башын жыйып шайлоо өткөзүшөт.
Булак: "Майдан.kg" газетасы