КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков Россиядагы мигрант кыргыз жигиттеринин "башка улуттардын жигиттери менен жүргөн кыргыз кыздарын сабаш керек", - деген чакырыгына жооп кайтарды:
"Познер айткандай, мен силердей баатырлар менен бир талаада чычпайм.
***
Баракелде баатырлар! Кыргыздын ынтымагын кыздарды сабоодон баштайлы деп чечкен экенсиңер. Ушу силердей "баатырлар" бар үчүн кыргыз өнүкпөйт, кыргыздын аброю тебеленет, кыргыз дүйнө элине жапайы, айбан болуп көрүнөт.
***
Ошол башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыздар силердей болгон "баатырлар" толуп кетип, акыл-эстүү, муштуму менен эмес, акылы менен күчүн көрсөтүп, аракет кылып, мээнети менен иш кылып ийгилик жараткан эркектерибиз аз калганы үчүн жүрүшөт.
***
Сен акылдуу болуп, мен акыл эстүү болуп, аракет кылып, күндүр түндүр эмгектенип, апаларыбызды, эже, карындаштарыбызды сыйлап, сабап, сөкмөк турсун жаман көз менен карабай, сыйлап, бапестеп, накта кыргыздын жигити болуп турсак биринчи эле ошол кыздар бизге келет.
**
Экинчиден. Биздин канча деген кыргызды дүйнөгө тааныткан кыргыздын сыймыктуу уулдарынын апалары башка улуттан болгон. Өнүккөн, акыл-эстүү, маданияттуу өлкөдө башка улутка кыз берип, башка улуттан кыз алуу кубатталып, колдонуп келет. Кыргыздарда дагы ошондой болгон. Себеби ынтымак, ырашкерчилик ошондон башталат.
***
Эмне деп айтам? Кудай мээ бере көр ушу акылы ашып ташып аткан "баатырларга".