Соцтармактарга Россиядагы кыргыз мигрант жигиттердин видео кайрылуусу тарады. Анда топтошкон жигиттер кайра эски жомогун баштап, Россиядагы кыргыз кыздарынын башка улуттун жигиттери менен жүрүүсүнө жол бербөө чакырыгын ташташкан. "Башка улуттун жигиттерин ээрчиген кыргыз кыздарын көрсөңөр сабагыла", - дегенге чейин барышкан. Коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов мындай пикирин билдирди:

"Урунарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай калган бул топ - бүгүнкү элдин күзгүсү. Кыз-келиндерге күчүн чыгарган адам - эркек эмес!

Андан көрө, эмне үчүн кыргыз кыздар бизди карабайт деп ойлонуу керек? Демек, кайсы бир нерселерди туура эмес кылып жаткандырсыңар... Же, кайсы бир сапаттар жетишпей жаткандыр...
 
 Кандай болгондо да, глобалдуу дүйнөдө, кыргыз кыз кыргыз жигит менен гана жүрүшү керек деген сөз - ТҮРКӨЙЛҮК! Бул ортодоксалдык көз караш же башкача айтканда кадимки эле - ЖАПАЙЫЧЫЛЫК!

Андай эле кыйын экенсиңер, анда силер да башка улуттун кыздары менен жүрүп көргүлө да. Тиги жапжаш туруп курсагы салаңдаган, уятсыз ишаарат кылып, уят сөз колдонгондорду кайсы улуттун кызы болсо да карабайт! Силердин начардыгыңардан, кыргыз кыздары башкалар менен жүргөндүр".