Кыргызстан деле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй өнүгүүсүнүн бир приоритети катары инвесторлор менен жакшы мамиле түзүүгө аракет жасап келет. Жашырганда эмне, азыркы шартта аймактарды өнүктүрүү, өкмөттүн колу жетпеген социалдык маселелерди чечүү так ушул инвесторлордун жардамы менен ишке ашууда. Ага бир мисал, Таластагы Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан “Жерүй” алтын кени. Бул кенди иштетүү укугун 2015-жылы орусиялык “Восток геолдобыча” компаниянасы утуп алып, тендердин шартына ылайык өкмөткө 100 миллион доллар төлөп, кыргыз мамлекетинин казынасына алгачкы салымын кошкон. Компания Жер-Үйдү иштетүүгө лицензия алган жоопкерчилиги чектелген "Альянс Алтын" коомун түзгөн. Алган лицензиясына ылайык,  2035-жылдын 28-августунан тарта иштетүүгө, ал эми 2020-жылдын 28-августунан тарта аталган кендин аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укуктуу болду.  Беш жылдан бери  аймактын өнүгүүсүнө, демек мамлекеттин бир жүгүн жеңилдетүүгө жардам берип келатат.

Акыркы учурда аталган кендин дарегине ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул кенди иштетүүнүн терс жагын таап чыккандар, ишмердүүлүгүн токтотуу чакырыгын жасагандар табылды. Шайлоолор алдында куру кыйкырыкка басым жасап, жөн иштеп жаткан тармактарды чукулап, өзүнүн “патриоттуулугун” даңазалап алчулар көбөйөрүн жадыбалдай жаттап бүтсөк дагы ишенип кете бермейибиз бар. Жасалма патриоттордун тапканы бул сапар “Жерүй” алтын кени болду. Экологиялык коопсуздукту бетине кармангандар көп маанилүү нерсени унутта калтырышты. Жерүй алтын кенинин экономикага салымы жана ошол эле убакта экологиялык коопсуздук тыкыр карманаарын, бул жаатта заманбап технологиялар колдонулаарын жардам патриоттор эмнегедир сөз кылышпайт.  А биз алар унутта калтыргандарды тизмелеп коюуну туура көрдүк.

“Жерүй” кенин иштетүү лицензиясын алган “Алтын Альянс” компаниясы алгачкы кадамын кыргыз өкмөтүн чоң доодон куткарып калуу менен баштаганын көпчүлүк билет. “Алтын Альянска” чейин кенди иштетүүнү колуна алган компаниялардын салымынан чатагы көп болуп, соттук териштирүүлөргө чейин жеткен. Ошондой соттук териштирүүлөрдүн бири – мурдагы лицензиаттын пайдасына кыргыз өкмөтүн 589 миллион доллар доого жыгуу чечимин чыгарган. Сырткы карыз алкымына жетип турган чакта өкмөттүн мынча сумманы төлөгөнгө дарманы чектелүү болчу. Мындай оор жагдайдан “Алтын Альянс” куткарып, доону өз чөнтөгүнөн төлөдү.

Жогоруда айткандай келишимге ылайык кыргыз мамлекетине биринчи төлөмү 100 миллион доллардын эсебинен өкмөт 170 млн сомду Талас облусуна, 170 млн сомду Талас районуна, 170 млн сомун кенге жакын Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлгөн. Мындан тышкары, «Бакубат Талас» фонду түзүлүп,  ага жалпысынан 450 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат өз кезегинде 1848 кыргызстандыкка жылына 8 пайыздык жеңилдик менен берилген насыя болуп кайтып келди. Анын 1552си алган насыясын дыйкан жана мал чарбачылыгына иштетишсе, 296 адам ар кайсы тармактагы ишкерчилигин жолго коюп алды. Бул кыргызстандыктардын жашоо-турмушунун оңолушуна, кичи жана орто ишкерчиликтин өсүп, кезегинде жумуш орундарынын ачылышына өбөлгө болду. Мамлекет калкты жакырчылыктан чыгаруу жана аймактарды өнүктүрүү аракетин орто жана кичи ишкерчиликти өстүрүүдөн баштаганы маалым. Ишкерчиликтин өнүгүшү мамлекеттин казынасына салыктын түшүшүн көбөйтүп, жумуш орундары ачылып, элди жумуш менен камсыз кылууну колго алат эмеспи. Бул жаатында “Алтын Альянстын” каржылык колдоосундагы “Бакубат Талас” фонду бир топ иштерди аткарды. Аны жергиликтүү калк түшүнүп, “Жерүй” кенинин ишмердүүлүгүнө каршы эмес. “Алтын Альянска” чейин алтын кенине лицензия алган бир катар чет элдик компаниялардын иши ырааттуу жүрбөгөнү жана экологиялык коопсуздукка каршы келген аракеттери жергиликтүү калктын нааразычылыгын жаратканы белгилүү. Учурда “Жерүй” кенине элди каршы үгүттөөнү шайлоого упай катары эсептеп алгандар калктын ошондогу маанайын кайра жаратууну каалашууда. Мурдагы компаниялардын кылганын бүгүнкүгө төңкөрүп, аны менен элди каршы тукурууну максат кылышкандай. Бирок эл тараза, көз алдында болуп жаткан жакшы иштерди жокко чыгарбай турганын эске алышпады.

2015-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин компания Кыргызстанга 720 миллион сом салык төлөдү. Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөрдүн бири катарында бюджетти толтуруучулардын сап башында турат. Бул дагы кендин ишке киргизиле элек учуруна таандык. Бюджетти караган мамлекеттик кызматкерлердин, анын арасында дарыгер, мугалимдердин, пенсионерлердин жана жөлөкпул алуучулардын  айлык маянасы так ушул каражаттардын эсебинен төлөнөөрү айтпаса да белгилүү эмеспи.

Ал эми алдын ала божомолдор боюнча алдыда алтын кенинен түшчү каражаттын суммасы көбөйөт. “Жерүй” кени алтын запасы боюнча өлкөдө экинчи орунда турат. Геологиялык чалгындоо андагы запас 100 тоннага жетээрин көрсөткөн. Кыргызстандын 2018-2040-жылдардагы Улуттук өнүктүрүү стратегиясы алтын кенинин тоо- кен тармагындагы инвестициядагы үлүшү 40 пайызга бараарын белгилейт. Долбоордон казынага жана казынадан сырткаркы фонддорго бөлүнгөн каражаттын көлөмү 540 млн. АКШ доллары, ал эми Талас облусуна 110 млн. доллардан ашык болот. Бул Талас аймагынын социалдык маселелерин чечүүгө, орто жана кичи ишкерчиликти жайылтып, анын өнүгүшүнө толук кандуу колдоо көрсөтүүгө, калкты жумуш орундары менен камсыздап, жакырчылыктан чыгарууга жумшалат. Кыргызстандын учурдагы тилеги жана күткөнү ушул жааттагы жылыштар болуп атпайбы.

 

“Жерүй” Кыргызстан менен Россиянын жаратылыш кен байлыктарын пайдалануу боюнча биргелешкен иш аракетинин башатында тураары жакында Россиянын президенти Владимир Путиндин кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарында айкын болгон. Путин Кыргызстандагы кен байлыктардын арасынан “Жерүйгө” басым жасаган. Ал жакынкы 20 жылда долбоорго салынган инвестициялардын көлөмү 600 миллион долларды түзөөрүн жана жогорку технологиялар чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу тереңдегенин билдирген. Ошондой эле Россия Кыргызстанда күн электр станциялары үчү кристалл пластиналарын өндүрүү келечектеги ийгиликтүү долбоорлордун тизмесине кирээрин, а орус өлкөсү заманбап жарык диоддук тейлөөнү жакшыртууга даярдыгын кошумчалаган.

Акырында айтылчу кеп, компаниянын алтын кенин иштетүү жабдыктары экологиялык коопсуздукту тыкыр сактоого ыңгайлашканы адеп ишке киришкен күндөн тартып айтылып келатат. “Альянс Групптун” президенти Муса Бажаев “Жерүйдү” өздөштүрүүдө катаал тартипте экологиялык стандарттарга жооп берген эң жогорку технологиялык сапаттагы өндүрүш арты түзүлгөнүн белгилеген. Курулуштар да  иш процессин ырааттуу жүргүзүүдө жаратылышка залакасын тийгизүүнүн алдын алууга ылайыкталып курулуп жатканы белгилүү. Жергиликтүү эл мунун баарынан кабардар, ошондуктан алар тараптан каршылык, нааразычылык жаралбады.

Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү жаратылыш байлыктарынын артынан бутуна турган. Сырткы инвестиция көп мамлекеттердин бактысын ачкан. Кыргызстандын карманганы алтын. Биздин шартта да инвестицияга таянуу зарыл. Бүгүн бирөө бирди, эртең башканы айтып чыга берсе, алардын куру кыйкырыкка алдыруусу өздөрү үчүн кандайдыр бир деңгээлде упай болгону менен мамлекеттин казынасына зыянын тийгизбей койбойт. Элдин калың катмары инвесторлор төлөгөн төлөмдөн айлык алып, аймактын өнүгүүсү ошол каражаттан түздөн түз көз каранды болуп жатканын, эгер бул ыргагынан бузулса экономикага сокку болоорун жасалма патриоттор билишпейт бекен. Же аларга элдин бакыбат жашоосу, мамлекеттин өнүгүшү эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы маанилүүбү?

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити