Parus.kg сайтына белгилүү аналитик журналист Елена Авдееванын азыркы кыргыз саясатындагы аялдар фактору жөнүндө кызыктуу макаласы жарыяланыптыр. Анын ою, байкоолору, божомол-жыйынтыктары дайыма жаңылыгы, оригиналдуулугу менен айырмаланат.
Биз анын макаласынын мазмуну менен окурмандарды тааныштырууну чечтик.
Клара мында, Клара анда!
“Үтүктү сайгандан да чоочуп турасың, сайсаң эле бир серепчи атпай сербейип чыга калат” деп тилинде куйкуму бар бирөө айткандай, азыр саясатта, укук коргоо жаатында, ЖМКларда, социалдык түйүндөрдө Клара Сооронкуловадан өткөн активдүү жаран жок. Бул айымдын алардын баарына кантип үлгүрүп, жетишип жаткандыгы таң калтырат. Же үйүндөгү иштердин баарын таштап эле кай жерде “куйкумдуу факты” угулат деп эле кулагын көчөгө, радио телелерге тосуп турабы? Клара айым кайраты башынан ашкан М.Мырзакматов Россияга качып кеткенден кийин анын “Улуттар биримдиги” партиясын эки жылдай жетектеди. Андан эч нерсе чыкпасына көзү жеткенден кийин “Ата-Мекенге” өттү. Андан кийин аны укук коргоочулардын, баш мыйзам боюнча сунуш айткычтардын арасынан көрсөк, күтүлбөгөн жерден “Ре...” дегенге кирсе, анын мазмуну эсте калгыча “Ре-акция”, “Ре-форма” деген саясый топторго кирип кетти.
Аздыр-көптүр коомчулукту, элди кызыктырган кандай маселе болбосун ал өзүнүн пикири, талабы, сунуштары менен дайыма даяр турат. Ооба, ал көтөргөн, жактаган маселелердин көпчүлүгү туура. Мисалы, биометрикалык паспортту киргизген жарандарды тоталдык көзөмөлгө дуушар кылып, адам укуктарын бузганга алып барышы мүмкүн дегени негизинен туура эле. Анын шайлоодон башка учурларда зарылчылыгы деле жок. Ал пикирин Конституциялык палатанын судьясы болуп туруп айткандыктан, аны ал жактан АША баштагандар тез эле кууп чыгышты. Бирок, ал ага кабагым-кашым дебеди, чымын чаккандай деле болбоду. Ага караганда ал мурда эле өз алдынча ооз да ачтырбаган жабык соттук системада жүргөндөн жадап, эркин саясатчы, активдүү блогер жана көчө саясатчысы болуп жүргүсү келсе керек.
Ошентип 5-6 жылдан бери ал өзүнүн чыныгы стихиясына, темпераментине ылайык келе турган жерди тапты. Бул мезгилдин ичинде ал коргобогон, талабын талашпаган бир да “кор болуп ыза көргөн” саясый фигура калбады окшойт. Кой-Таштагы окуялар боюнча Мамлекеттик комиссиянын иликтеп, тастыктоолорунун жыйынтыктарын сындап, кармалгандардын укуктары бузулган деп да чыкты. Ал саясаттагы максатташы Раушан Айткуловага анын көңүлүн алып, тилектештигин билдирүү үчүн эле ошенттиби (адвокат Айткулов Р.Айткулованын күйөөсү жана жердеши болот) же өзүнүн калыптанган пикири ошондойбу, анысын билбейбиз, бирок алардын андан башка да көп көп иштерин колдоп келаткандыгы да чындык.Ал аябагандай активдүү комментатор, бир эле 24.kg сайтына ар 3-5 күндө анын сөзсүз бир материалы чыгып турат.
Ошентип, сырттан бир караганга Клара Сооронкулова конкреттүү, туруктуу максаты деле жоктой. Укук коргоочу, демократияны жайылтып, өнүктүргүч дегендердин бардыгы эле кай жактан грант берилсе, ошолордун эле буйрутмаларын аткарып, көчөлөрдү жаңырта кыйкырып жүрүшпөйбү. Алардан Клара айымдын көп деле айырмасы жок. Акыркы убактарда тиричилигинин кескин жакшыргандыгына караганда дүжүр укук коргочу, дүжүр жактап, каралоочу дегендердин тапкандары Конститциялык соттун судьясы тапкандарынан да калың жана салмактуу окшойт. Бирок, биз жаңылышыпбыз. Клара айым коомчулукту аздыр-көптүр кызыктырган ойлорун, пикирлерин айтып, ыгы келгендерди өкүртүп сындап, мезгилдин “трендинин” тамырын кылдат кармап, ыгы-келсе келбесе деле кара жашиктерден көрүнө коюп, өтө эле чо-оң максатты тымызындан багып, өстүрүп жүрүптүр. Ал кандай максат дейсиздерби? Албетте, анын эзелтен берки максаты Кыргыз Республикасынын алтынчы президенти болуш экен...
Ачыгын айтсак, бизде президент болгусу келбегендер аз. Ар бир саясатчынын көңүлүнүн тереңинде андай асыл ой, макат бар экендиги чындык. Бирок, жерден жана реалдуулуктан биротоло алыстап кетпей, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө сын көз менен карагандар андай бийик тилеги аткарылбай тургандыгын тез эле түшүнүп, колунан келген иши менен алектенгенге өтөт. Бирок, он адамды башкарбаган менен өздөрүн мамлекетти башкарганга даяр, эл башында турганга моралдык, иш билгилик жактан татыктуу, мага бул жагынан эч ким тең келе албайт деп жүргөндөр да бар. Ар президенттик шайлоонун алдында анын трагикомедиялык парадына күбө болуп келатабыз. Алардын арасында өзүн кудай деп жарыялап алгандар да, үйүндө кесме жайып отуруп алып асмандагы ар кандай күчтөр менен сүйлөшүп, анан алардын кеңеши менен талапкерлигин койгондор да бар. Алардын көпчүлүгү расмий катталып, президенттикке талапкер деген күбөлүк алганга чейинки марафонго деле жетишпейт. Бирок, “бул да бир убакта президенттикке талапкер болгон” деген кандай кооз жана бийик угулат. Кептин баары ошондо.
Клара айымдын президенттик шайлоого катышары жөнүндө азырынча такталган маалымат жок. Анткени, ага дагы үч жыл бар. Бирок, ал өзүнүн авантюрист “временшиктери” менен Кыргызстандын түштүгүн жарандык кагылышууларга айдап киргизип, өлкөнү саясый, экономикалык жана моралдык-психологиялык кризиске дуушар кылып, акыры аягында легитимдүү мамлекет башчысы болуп алган Роза Отунбаевадан же Батыштан даңкайган аялдарды алып келип алып, Улуттук тарых музейинде жылаңачтап ары-бери оонаткан Мира Жангарачевадан, өткөн шайлоого президенттикке талапкер болгусу келген Камила Шаршекеевадан же акыркы убактарга чейин түбөлүк талапкер болуп келген Токтайым Үмөталиевадан эмнеси кем. Анда Шаршекеева айымдын рейтингдик көрсөткүчү 3 пайызга деле жеткен эмес.
Кимдердин саясий туруктуулукту бузгулары келишүүдѳ?
Президенттик шайлоого алыс, бирок Батыштан жем жеген айрым күчтөр Кыргызстандагы азыркы пандемиялык жана экономикалык оор кырдаалдан пайдаланышып, элди бийликке кайраштырып, колдорунан келсе 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяны кайталоого аракеттенип жатышкандары эч кимге жашыруун эмес. Ага мисап катары Клара айымдын “Ре...”лердин бардыгына мүчө болуп жүрсө, бир ай мурда ал үчүн “Ре-форма” деген партияны түзө коюшкандыгы мисал боло алат. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, көп убактардан бери жумушсуз жүргөн судьянын бир партия түзүп, аны каржылоого мүмкүнчүлүгү кайдан жетет? Ал баштаган топтун аркасында океандын ар жагындагылар турушат.
Ошондуктан журналист Е.Авдееванын Батыштын “ала-булалары” да биздеги парламенттик, анан президенттик шайлоолорго азыртан даярданышып, өздөрүнүн уюштуруучулук, каржылык ресурстарын апробациядан өткөрүп жатышат дегенинде жүйөлүү негиз бардай. Анткени, Клара айымы, башка эркек-ургаачылары деле мыйзамдуу жол менен президенттикке түгүл, парламентке деле келе албашын билип турушат. Мындай учурда өлкөдөгү оор абалды андан бетер чайпалтып, саясый туруктуулукту бузуп жиберишсе, “чем чёрт не шутить” дегендей, айымдардан башкалардын бири деле бийликке кокустан келип калышы мүмкүн. Клара айымдын апчеси Роза Отунбаева баштагандар деле бийликке ошондой жол менен келишкен. Анан эле апчебиздин эки айда узун-туурасы келишип, жайдаңдап чыга калган.
Елена Авдеева айымдын байкоосунда, алардын көпчүлүгү мына ушул максатта гана иштеп жатышат. Ошондуктан Кыргызстандагы абал канчалык оорлосо, аларга ошончолук жакшы, деген жыйынтык чыгарат ал.
Бирѳѳлѳргѳ ый - ый, бирѳѳлѳргѳ – той
Коронавирустун бизге белгисиз зыяндары бар экендиги, ал ар адамдын организмине жараша кескин айырмалана, анын акыркы симптомдору мурдагыларына таптакыр окшошпой бараткандыгы тургандыгы эми ачыкка чыгууда. Мына ушундан улам Е.Авдеева айымдын “сырт жактагы ала-булалар” бизге вирустун өркүндөтүлгөн жаңы түрүн киргизип , алар бизди атайылап алааматтын оор көрүнүшүнө түртүп жиберишти деген версиясында да жүйө бардай. Массалык өлүмдөргө ким күнөөлүү? Коронавирус элеби же аны улам өзгөртүп, өркүндөтүп, биздей кедей өлкөлөрдүн элдеринин ыйлары аркылуу өздөрүнүн геосаясый маселелерин чечүүгө аракеттенип жатышкан стратегдер күнөөлүбү? Бирок, так жооп айтуу кыйын, эгерде Авдееванын версиясында негиз болсо, бул жалпы адамзатка, адамгерчиликке каршы багытталган, кылымдар бою эскирбей турган кылмыш болуп саналат.
Минтип бир жагынан сырттагылар элибизди оор сыноолорго дуушар кылып, түшүнүксүз нерселерин жөнөтүп кайгы-трагедияларыбызды көбөйтүп жатышса, экинчи жагынан ичтеги айрым күчтөрдүн аларга жардамчы болуп, буйрутмаларын аткарып, өлкөдөгү саясый, социалдык абалды чайпалтууга аракет кылып жатышкандыгы элге, мамлекетке кылган гана кыянаттык. Минте беришсе Кыргызстандын көз карандысыз эгемендүү өлкө катары жашап кетүүсү да кыйын.
Кыргызстанды дагы кандай сыноолор күтүп турат, аны бир кудайдын өзү гана билет. Элибизде “бирөөлөргө - ый, бирөөлөргө - той” деген да сөз бар. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, бир да нормалдуу кыргыз өз элинин трагедиясы - өзү үчүн той болушун каалайбы? Биз андай болушу мүмкүн эмес деген позицияны карманган менен айрым окуялар аны жокко чыгарып жаткандыгын моюнга алууга аргасызбыз.
Булак: "Майдан.kg" газетасы