Эгер алар кайра бутуна турушпаса, бүтүндөй экономикабыз кыйроо абалына туш болушу мүмкүн. Андыктан суунун жээгине сүрүлүп калган балыктай абалда турган бул ишкерлерге тез арада финансылык колдоо керек. Бул багытта Өкмөт тарабынан  ушул жумада «Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасына  4,2 млрд сом бөлүндү.  

Аталган сумманын 2,2 млрд сомун каржы министрлиги жана калган 2 млрд. сом Улуттук банкы тарабынан берилмекчи.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарда ишкердик субъекттерин колдоого багытталган. 

«Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасынын алкагында каражаттар негизги каражаттарды (сатып алууга, жаңылоого, негизги каражаттарды кеңейтүүгө жана модернизациялоого) жана жүгүртүү каражаттарын (сырье, комплектөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алууга) кредиттөөгө, ошондой эле кредиттерди кайра каржылоого багытталат.

Салыктык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү максатында салык процедураларын фискалдаштыруу компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык ККМ, товарларды маркалоо) колдонгон чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жеңилдетилген кредиттер берилет.

2020-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасынын алкагында 8 коммерциялык банкка жалпы суммасы 1,4 млрд сом болгон кезектеги траншты бөлдү:

 

«Айыл Банк» ААК 350 млн сом

«РСК Банк» ААК 350 млн сом

«Бакай Банк» ААК 210 млн сом

«Оптима Банк» ААК 200 млн сом

«Кыргызстан Коммерциялык Банкы» 120 млн сом

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖЧК 120 млн сом

«Банк Бай Түшүм» ААК 30 млн сом

«Финанскредитбанк» ААК 25 млн сом

Булак: "Майдан.kg" газетасы