Ырчы Алтынай Нарбаева карантин башталган маалдан тартып ыктыярчылардын катарында элге жардам берип келгени маалым. Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар менен жолугушкан. Бирок ал жолугушууга элдин көп социалдык маселесин чечип, жүгүн көтөргөн Эрнест  Бөрүбаев менен Алтынай Нарбаева чакырылган эмес. Бул коомчулукка көп суроону жараткан. Буга жооп кылып Алтынай Нарбаева  "Чыкпай турган сөз эле,чыгып кетти өзү эле" деп ич күптүсүн жазып чыкты.

"Кечээ  ажобуз Сооронбай Шарипович өз ыктыяры менен иштеп жаткан жигердүү ыктыярчылар   менен жолугушту. Соцтармактарда Бөрүбаев Эрнест, Нарбаева Алтынай эмнеге жок деп, чымчыктай чырылдаган көрөгөч, баамчыл, байкагыч, баалагыч кадырлуу калкыбызга, мекендештерге, досторубузга мен тизе бүгүп ыраазычылыгымды айтам. Мен бир карапайым, жөнөкөй аялмын, энемин, мугалиммин, ырчымын. Мага ошол жөнөкөйлүк  сапат өтө жагат, өзүмдү жакшы, толук кандуу сезем. Мен 32 жашымда чоң сахнаны аттадым, үй -бүлө күтүп, бала- чака... Аллахка чексиз шүгүр, эмгегим бааланып "Эмгек сиңирген артист" болдум, алганыма 11 жылдын жүзү болду. Жашым 50дөн ашты, миң мерте шүгүр дейм. Ошол аманат өмүрдү, жөн эле өткөрбөсөм экен деп, кумурскадай эмгектенип, өмүр бою мектепте мугалим, оркестрде солист болуп иштеп келе жатам.

Ишенсеңер, канча мамлекеттик деңгээлдеги концерттер болот. Чет өлкөгө чыгуулар болот. Нарбаева ар дайым чийилип калат. Мурдагыларды айтпай эле коеюн. Жакынкы жылдары эле Кытайга бараарда да, кечээги Москвага да.... Баарынан кызыгы, репетицияда жүрөсүң, анан жөнөөрдө чийилесиң.... Мен көнүп калганмын, чийилип, документим Акүйгө жетип, кол коюлбай кайтканына, чакырып, тизмеден чийилип калганга... жеңбей жеңилгенге. Өнөр инсанына мындай көрүнүштөр өтө оор. Жан дүйнөң  жабыркап, ырдаган мындай турсун, сүйлөөгө ал жок, көңүл  өлөт, бир нече айга,жылга...", - деген ырчы талантын кадырлап турган эл барда тоскоолдуктарга карабай өнөр секисинде жүрө берээрин белгилеген.