Республикабызда тышкы инвестиция тарабынан каржыланып, мамлекеттик маанидеги жол болуп эсептелген Бишкек-Ош жолу 1996-жылы башталып, 2005-жылы 3 фаза менен  толук бүткөрүлгөн эле. Эми ушул бүткөрүлгөн мелтиреген жакшынакай жолду дайыма эксплуатация жол участоктору толугу менен жакшы тейлеп турса болот эле, бирок тилекке каршы Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу “бөлүнгөн акча каражаттар жетишсиз” деген шылтоо менен ДЭП (жол тейлөө, эксплуатация пункттары) аябай начар иштешүүдө, себеби эмгек акылары 2, 3 айга чейин тɵлɵнбɵй, аябай төмөн эмгек акылары болуп келгендиги ачуу чындык. Бирок, Бишкек – Ош жолу толук бүткɵрүлдү дегенибиз менен ошол кезде Бишкек-Ош жолунун башкы директору Жантɵрɵ Сатыбалдиев иштеп турганда коррупциялык схема менен Ноокен районунун Бүргɵндү айылынын Ѳзбекстандын Маданият айылы менен чектеш бурулушунан Жалал-Абад шаарынын айланма тегерек жолуна чейинки автотрасса мурунку эле союз учурунда курулган ичке жол полотносу боюнча эч курулбай калып калган. Ал курулбай калып калган жолдун акчасы тууралуу кеп кылсак, ɵтɵ узак сɵз жана азыркы темабызга да туура келбей калат.

Ошол Ноокендин Бүргɵндү айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки автотрасса тышкы инвестор “Евразиябанк” эсебинен 2018-жылдан бери курулуш иштери башталган, подрядчик мекеме болсо “Азвирт”. Азыр ал жерде жалгыз гана 523 км.ден 526 км.ге чейинки жолдор азербайжан курулуш фирмасы тендерди утуп алып, бирок кыргыз балдарды ишке тартуу менен курулуш иштери алынып барууда. Себеп дегенде бардык чет элдик фирмалар ɵздɵрүнүнүн курулуучуларын алып келишсе, анда аларга социалдык багытта жана эмгек акыларын, тамак-ашы жатаканасынан ɵйдɵ тɵлɵɵ алда канча кымбатка тураары ар бирибизге маалым да. Ноокен районунун Бостон айылын чок ортосунан ɵткɵн 519 км.деги кенедей кɵпүрɵ 2 жылдан бери таш бака ылдамдыгынан да эки эсе жай темп менен аябай сапаттуу кɵпүрɵ болуп курулууда.

Ал эми ушул эле Бостон айылына жетпей 509 км. де болсо дагы автотрасса жол полотносунун жарымын казып кɵпүрɵ курганга аракет кылшкан, негедир ал кɵпүрɵ курулушу азыр кɵп убакыттан бери токтоп турат. Эки багытта чубурган автомашиналар “кайнатасына жол бошоткон келиндей болуп” бир багыты сɵзсүз ал жерден экинчи багытын толугу менен ɵткɵрүп, анан андан ары автомашиналар ɵз сапарларын улантышат.

Бишкектен түштүктү көздөй авто трасса менен жөнөгөндө ДЭП-9 Бишкек шаар чегинен – 209 км. ДЭП-23 – 209-318 км. ДЭП-30 – 318-427 км, ДЭП-38 – 427-488 км, ДЭП-22 – 488-589 км. ДЭП-5 – 589-613 км. аралыктардагы жолдорду тейлешет, ал эми ОсОО “Мосстрой” (жет. Кенжетаев Орозбек) Бишкек-Кара-Балта автотрассасынын 61-129 км жол участогун же болбосо Кара-Балта айлампа жолунан Сосновканы кɵздɵй кеткен Тɵɵ - Ашуу туннелине чейин жол участогун тейлешет. Тилекке каршы жол полотносунда айдап бара жатканда майда таштардан баштап 1,5 м.куб блок таштарга чейин кулаган таштарды кɵрүп, авто айдоочулардын зээнин кейиткен авариялык абалды кɵргɵндɵ ого бетер зээниң кейийт. 

Ушул Сосновка капчыгай ичиндеги жолду тейлеген ОсОО “Мосстрой” 60 пайызын “Исламбанк” каржылайт, ал эми республиканын бюджетинен болсо эки жылдан бери такыр каржылана элек, бул абалды ошол фирманын жетекчиси Кенжетаев Табылды ɵз оозу менен кейиштүү кылып айтып берди. 

Чындыгында, Сосновка капчыгай ичинде кейиштүү абал абдан кɵп, бирок ал чечилбеген проблемалардын бардыгы акыры барып акча каражаттарына барып токтолот эмеспи. Жантайыңкы тоо беттеринен майда кумдардан баштап орто фракция жана чоң таш блокторуна чейин кулаган таштар үчүн жана ал тоодон кулаган таштар жол полотносуна келип жолду тоспой калыш үчүн алдын ала “Кыргыз жол долбоорлоо” институтуна кайрылуу менен калың жол тосмо таш дубалчаларын кайсыл участокторго курууга изилдɵɵ долбоор иштери талап кылынат. Ал эми подряддык курулуш иштери болсо долбоордун негизинде гана аткарылат, бирок бул иштерди аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги ойлонуп кɵрбɵсɵ керек жана ойлонгусу да келбейт. Эгер суроо коюп талап кылса “Бизде акча жок” деген жоопту алаарың бышык.

Тɵɵ-Ашуу туннелинин кире бериш жеринен баштап, 209 км.ге чейин Сосновкадагы ДЭП-9 тейлейт, туннелдин ичи кɵзгɵ сайса кɵрүнгүз жана туннелдин капталдарында чагылдырылуучу саргыч кичине айнекчелер жок, эгер “Буга да акча жок” деп шылтоо кылышса, анда ал туннелдин эки капталдарына жол полотносунан жарым метр бийиктикте туннел капталына узатасынан кеткен караңгыда автофаранын жарыгынан чагылдыруучу саргыч узундугу 1,0 метр, жазылыгы 10 см. келген үзүк сызыктарды сыр менен туннелдин башынан аягына чейин “Менин капталыма чийгилечи” деп туннел ыйлактап суранып турат, бирок ал абалды биздин жолчулар кɵргүсү келбейт жана Чүй облустук ГАИ кызматчылары да жолчу кызматчыларына предписание бергенден “уялышат окшойт же жолчу байкуштарды алар аят го” деп айласыздан тыянакка келесиң.

Андан кийинки автортрассаны Токтогул районунун ДЭП-23 – 209-318 км. тейлейт, булардын жол тейлɵɵ участогунун орчундуусу “Чычкан” капчыгайынын ичи. Жолдо бара жатканда 28-июнда саат 15-00дɵ 327 км.де жол полотносунун жарымын, тоодон кулаган майда таштар жаап калган. Ал жерден Токтогул районунун кире бериш жеринде постто дем алыш күнүнɵ байланыштуу ГАИ кызматкерлерине жана ДЭП-23 мекемесинин кароолчусуна келип айтсам, ал мекеменин жетекчиси Чотубаев Анарбек ошол замат тазалаттырып койгон экен. Бул Токтогул районунун ДЭП-23 тейлеген Бишкек – Ош жолу 2005-жылы курулгандан бери жасалбаган нымдуу жол (пучина) 302 км.де такыр жасала элек, бирок ДЭП-23 мекемесинин жетекчиси Чотубаев Анарбек “быйыл буюрса сɵзсүз жасаттырам, бирок минтранс аркылуу 2018-жылдан бери акча каражаттарын бербей келет” деп айтып ɵттү, бирок жасаттырганга аракет кылам деп кепилдик берди.

Андан кийинки Бишкек – Ош жолунун эң татаал жана акчалуу мекемеси ДЭП-30 – 318-427 км. тейлейт. “Чɵнтɵктүү бала сүймɵнчүктүү” дегендей, акчалуу дегенибиздин да жɵнү бар “Туннелди тейлɵɵ” деген багытта ар бир ɵткɵн жеңил машиналардан 45 сом, бусик автобустардан 75 сом жана кɵп орундун санына жараша автобустардан баштап, оор жүк кɵтɵрүүчү автомашиналардын тоннасына жараша ар кандай тарифте миңден ашык акча каражаттарын чогултушат. Бул мекеменин балансасында кыска тɵрт туннел бар. Тɵртүнчү туннелге же болбосо Ош тараптан келе жатканда туннелдин кире бериш үстүнкү жерине “Ааламга жол айылдан башталат” деп жасып койгон. Чындыгында бул жакшы сɵз, бирок туура эмес багытта жазылып калган, ал жерге “Ааламга жол ушул караңгы туннелден башталат” деп жазганда сɵз да ордун таап, түбɵлүктүү болуп калмак деп ойлойм. Күндүзү сырттагы жарыктан капкараңгы туннелдин ичине киргенде машина айдоочуну алакан менен бетке чапкандай такыр туннелдин ичи кɵрүнбɵй калат. Бул туннелдерде да электр жарыгынын жоктугунан чагылдыруучу саргыч айнектер жана туннел капталдарында узатасынан кеткен үзүк сызыкчалар бир да туннелде жок. 

Электр жарыгын чыгаруу боюнча жанында Токтогул ГЭСи турат ошол чоң чыңалуудагы подстанциядан эмнеге туннелди тейлɵɵ багытындагы чогултулган акча каражаттар эсебинен кичи подстанция сатып алып ушул тɵрт туннелдердин ичин жарык кылып кое албайбыз же ушуга акча каражаттарын аяйбызбы же ал жердеги жетекчилер ушуга “долбоор жазганды билбейби же ушунчалык эле сабатсыз адамдар иштейби” деп дагы кейийсиң, ичиңен каңырсып түтɵйсүң.

Ушул эле ДЭП-30 тейлеген Кɵк-Бел ашуусунун түштүк беткейинде оор жүк кɵтɵрүүчү машиналардын кесепетинен жол полотносу узатасынан жана туурасынан деңиз толкунундай болуп калган, эгер майда автомашина айдоочулар абайлап айдабаса анда туурасынан кеткен валга ал тɵɵ ɵркɵч асфальт жолго асылып калышы да толук ыктымал. Ал тɵɵ ɵркɵч жолдор канчанчы км.лерде экенин жасайын десең тилекке каршы км. темир бетон мамычылар жоктугунан жолчуларды дагы ашата сɵккүң келет.

Кечке жуук саат 20-30 убактарда кайра Бишкекти кɵздɵй келе жатканда ушул ДЭП-30 тейлаган 4-туннелден чыга бери жерде дагы тоодон кулаган таштар жол полотносуна чейин келип калганын, ал ДЭП-30 кызматкерлери күндүзү кɵрбɵй калганбы же күйүүчү май жоктугунан тазаланбай калганбы дагы булардын ишине жиниң келип каңырыгың түтɵйт, ал эми Каракол шаарына жетпей тосмого келсең, ал жердин кызматкерлери шаңданып, шайыр маанай менен ар бир транспорттон акча чогултуп жатышкан экен.

Кыскасы, ушул ДЭП-30 менен жогоруда Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондор аймагын ДЭП-38 (427-488 км) тейлеген “мекемелер жетекчилери аман эле болгула” деген бүтүмгɵ келесиң. Бул мекеме жетекчилери жолду тейлɵɵ гана багытта эмес жаңы идеяларды берип, жолду тейлɵɵ жана андан ары жакшыртуу багыттарында жаңы долбоорлорду жасатууга идеяларды берип иштегендери дурус болмок.

Бишкек-Ош жолунун Сосновка менен Каракɵл шаарынын “туннелдерди тейлегенге” деген шылтоо менен чогулткан акча каражаттарынын эле жок дегенде 50 пайызын ушул жалпы жолду тейлɵɵгɵ жана туннелдердин техникалык коопсуздугун камсыз кылууга тикелей жумшаганда мындай терс, жагымсыз кɵрүнүштɵр болмок эмес.

Эми ушул Сосновка капчыгай ичиндеги жана Каракɵл капчыгай ичиндеги тоо бетинен тынымсыз кулаган таштардын аймактарына узатасынан тосмо калың таш дубалдарды тургузуу учурдун зарыл талабы. 

Асыкбек Оморов, тарых жазуучусу, профессор  

Сүрөттөрдө: 

1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бостон айылындагы жол курулуш кɵпүрɵсү.

2. Бишкек-Ош жолунун Сосновка капчыгай ичиндеги 129 км.деги жол полотносунда жаткан 1,5 м. куб тоодон кулаган таш блогу.

3. Жол жүрүшүндө 20га жакын жолдун абалын айкындаган сүрөттөр тартылган...

Булак: "Майдан.kg" газетасы