Өткөн санда “Кыргыздын мыкты уулдарын жеп-жуткан коронавирус...”- аталышындагы макалада таажы вирусунан кыргыздын нечендеген мыкты уул-кыздары каза тапканын айтып өткөн болчубуз. Тилекке каршы, жүрөк канаткан статистика токтобой жатат... Бул кепти бүгүн да улантууга аргасыз болуудабыз!

Бул жумада коронавирус дартынын чеңгээлинде калган бир катар көрүнүктүү инсандарыбыз дартты жеңип кубантышты. ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбековдун айыгып, кайрадан ишине чыкканы айтылды. Пневмония дартына кабылган коомдук ишмер Сабырбек Муканбетовдун акыбалы жеңилдеди. Аны менен катар учурда оору менен алышып жаткандар да көп. Өткөнүндө журналист, учурдагы аалым Мыктыбек Арстанбектин ооруп жатканы айтылып, коомчулук шыпаа тилөөдө. 
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келаткан “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев сакайып чыкты. ”Урматтуу Кыргыз калкым! Биз бүгүн ооруканадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз. Элимдин дубасы, ак тилектери, Аллахымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды! Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы жоокеримин! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!”- деп ыраазычылык билдирди К.Ташиев элге.
Тилекке каршы, пандемиянын өлүм коштогон күйүтү түгөнө элек. Суткасына коронавирустан жана коронавирус өтүштүргөн пневмониядан орто эсеп менен 40тан ашуун адам набыт болууда. Арасында эл сыйлаган көрүнүктүүлөр да бар. Жума ичинде кыргыз эли учураган жоготуулар салмактанып, кайгы өлкө башына илинди. 
Кыргыз мусулмандарынын жол көрсөтүүчүсү болгон, бешиктеги баладан, эңкейген кары-жашка чейин тааныган Чубак ажы Жалилов бул дүйнө менен кош айтышып, акыреттеги чын жайына кетти. Акыркы керээзин: “Жаназама катышкыла”, - деп шакирттерине айткан устаздын өлүмүнө ыйлабаган жан калбады. Диний гана эмес, илим сабаты да терең, кеп билги, дүйнө таанымы кең ажы 11-июлда эки тараптуу пневмониядан улам келбес сапарга кетти. Сөөгү ошол эле күнү кечинде өзүнүн туулуп-өскөн кичи мекени Базар-Коргонго коюлуп, акыркы сапарга узатууга илдет күчүнө кирип турганына карабастан көп адам чогулду. 
Чубак ажыга удаа бул дүйнөнү дагы эки аалым калтырды. Үч күндүн ичинде кыргыз эли үч аалымынан: Чубак ажыдан, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдон, илимпоз, Токмок шаарындагы “Лукман аль-Хаким” Ислам институтунун ректору Лугмар ажы Гуахуновдон ажырады.
Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн укук колдонуу тажрыйбасынын улук инспектору, милициянын капитаны Улукбек Умаров 43 жашында коронавирустун курмандыгына айланды. Маркум 3 күн дене табы көтөрүлүп турганына карабай иштеген, андан кийин 5 күн үйдө дарыланып, 3 күн ооруканада жатып, 9-июлда каза тапкан. 
54 жаштагы медицина кызматкери Чынар Турускелдиева пневмония дартынан көз жумду. Ал Түп районуна караштуу Арал айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген жана беш айылдын карманган жалгыз фелдшери болчу. 
Экономикалык талдоочу Анарбек Сатыбалдиев 63 жашында илдеттин курмандыгына айланды. Ал салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси, Мамлекеттик салык кызматынын генерал-майору эле. 
Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Эрмек Төрөкулов жана Башкы прокуратуранын ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Рустам Кожобеков да коронавирустан улам көз жумду. Алар өпкөнүн кагынышынан каза табышкан. 
Кыргыз маданиятынын катары бөксөрдү. Акын-пародист, журналист- публицист,  котормочу, КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Аалы Молдоканов 69 жашында дүйнөдөн кайтты.
7-июлда “Манас” эл аралык абамайданынын мурдагы вице-президенти Даир Токобаев 34 жаш курагында пневмониянын кесепетинен арабыздан кете берди. 
Эмгек сиңирген дарыгер, хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Исхар Фунлоэр коронавирустун залалдарына туруштук бере албады. 
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Сабырбек Курманалиев да 66 жаш курагында апааттуу илдеттин курмандыктарынын тизмесин толуктады. 
УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Чайка Керимбаев өпкөсүнөн кагынып каза тапты. 
10-июлда КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Эрмек Сабыров коронавирус илдетинен бул жарыкчылык менен кош айтышты. 
“Илим” билим берүү комплексинин директору Гайша Ибрагимова да оорунун өтүшүп кеткенинен улам түбөлүк сапарга кетти. 
Обсервацияда медкызматкерлерине таңкыстыкты жоюуга салым кошуу үчүн өз ыктыяры менен иштеп жаткан, Медициналык Академиянын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы кыздын каза болгону тууралуу кабар коомчулукту кайгыга салды. Кыз иш учурунда каза тапкан, алдын ала алынган божомолдуу маалыматтарга караганда жаш жүрөк күн сайын ар кандай акыбалдагы бейтаптарды кабыл алууга жана өмүрдөн өткөндөрдү көрүүгө чыдай алган эмес. 
Ооруну жеңип чыккандарга жана учурда дарт менен алышып жаткандарга амандык, ден соолук тилейбиз. Маркумдардын рухун Жаратканыбыз өз камкордугуна алсын.

Булак: "Майдан.kg" газетасы