Пандемиянын суук эпкини тынч күндөрү түндүк-түштүк турмак, көчө-көчөгө да бөлүнүп кетчү канына сиңген адаты бар кыргызды бир түндүктүн алдында калкалатып койгонсуду. Соцтармактарда жардам колун сунгандар жардам сурагандардан көп. Ушундай ынтымак, кайрымдуулук калкка кенен жайылганы мындан мурда бир жарым ай карантинде жаткан учурубузда да байкалган эле. 

Соцтармактын колдонуучуларынын бири: “Кимде ким ооруканага жете албай, мүмкүнчүлүгү болбой жатса, машинем менен жеткирип келем. Колумдан келген жардамым ушул”, - деп бадырайта жазып, алдына телефон номерин калтырыптыр. Мындай билдирүү бирөө гана эмес. Ондогон, жүздөгөн карапайым жарандар биринин кайгысын бири көтөрүшүп, биринин түйшүгүн бири тартууга даяр. Андан башка “бекер укол сайып берем”- деген кыз-келиндердин да саны арбын. Айтор, жалпы элдин башына түшкөн мүшкүлдө элге-журтка тамчыдай болсо да жардамым тийсин дегендер абдан көп экен. 
Башында көпчүлүгү балакет вирустун бардыгына ишенишкен жок. Качан гана алапайыбызды таптырбай каптап киргенде, ооругандардын саны арбып, ар бирибиздин тааныштарыбыз, жакындарыбыз да илдетке чалдыга баштаганда бир тутамга айландык. Ооруканаларда орун жетишпей, бейтаптардын аргасы кете баштаганда, ишкерлер жеке менчик имараттарын четинен бошото башташты. Тойканалардан бери күндүзгү стационарга айланды. Ал турмак жакында соцтармакка бир колдонуучу үйүнүн бир бөлмөсүн ошол аймактагылар келип дарыгерге текшерилип кете ала тургандай кабыл алуу бөлүмүнө керек болуп калабы деп бошотуп койгонун жазды. “Шаар сыртындагы айылдын тургундары кокус ден соолугу кескин начарлап кетсе шаарга унаа издеп, жолго убакыт коротуп отурбай, жакын жердеги дарыгерге көрүнө калып, өмүрүн сактап калууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк болобу”- дегени. Азыр ушундай күйүмдүү катардагы жарандардын, ишкерлердин шарапаты менен Бишкектин төрт районунда бир нече күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылды. Ага коронавирустун жеңил формасына чалдыккан бейтаптар барып, бекер укол сайдырып, капельница алып кетип жатышат. Жапа тырмак аракет көрүү бир аз мурда эле ооруканалар толуп калыптыр деген кабардан илдеттен да катуу шайы кетип, шаштысы түгөнгөн элдин жүрөгүн токпейил тарттырды. А токпейилдик так ушундай илдет түрүндөгү алаамат каптап турган чакта башкы даба эмеспи. 
Чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары да четте карап турбады. Бул пандемия жалпы дүйнөнүн күчүн соруп турган маалда кыргыз мигранттарынын да акыбалы мурдагыдай болбой турганы белгилүү эмеспи. Ага карабай дүйнөнүн төрт тарабынан кыргыз жарандары каражаттарын ортого чыгарышып, кислороддук концентрат, дары-дармектерди сатып алышып Кыргызстанга көздөй жөнөтүшүүдө. Америкадагы, Россиядагы мигранттардын жардамы бир нече ирет келди. Алар алыстан байкоо салып, “өзү чет элде болсо да, жүрөгү мекенде экенин” баса айтышып, кабатырланып жатышат. 
Жай турмушка дарыгерлерге, деги эле медицина кызматкерлерине нааразычылык күчтүү эле. Бул кесиптин ээлеринин оройлугун, кайдыгерлигин айтып түгөтө алчу эмеспиз. А азыр медицина кызматкерлери өз өмүрлөрүн кыр башына илип коюшуп, бейтаптардын саламаттыгы үчүн жан үрөшүүдө. Ооруканага жатып илдеттен айыгып чыккандар бир ооздон дарыгерлердин сылык-сыпаа, өз жакынын карап жаткансыган боор тарткан мамилесин айтышууда. Ар бир нерсе жай турмушта эмес, кыйын кезеңде сыналат эмеспи, эл алдында дарыгерлердин баркы жогорулап, так өздөрүндөй урмат-сый менен жооп берип башташты. 
Россиядан 45 дарыгер Кыргызстанга келди. Алар түпкүлүгүндө биздин жарандар, канчасы кийин Россиянын жарандыгын алышпасын, мекени кыйынчылыкка кабылган биринчи эле күнү жардамга чуркашты. Акысыз, ак ниеттери менен жардам берүүгө кыргыз жерине кайтышты. Алардын жол киресин курулуш компаниялары каржылашса, жатакана, тамак-ашын башка ишкерлер бөлүштүрүштү. Катардагы жарандардан куралган ыктыярчылар тобу аба майдандан тосуп алышып, мейманканаларга жеткирип, алааматты жеңип чыгууга аракеттин бир чачпагын көтөрүштү. 
Обсервацияларда, ооруканаларда, күндүзгү жана түнкү стационарлардагы медкызматкерлердин тамак-ашы үчүн күйүккөндөр да көп. Жугуштуу илдет менен алышып, элдин саламаттыгын ойлоп жаткандар биринчи кезекте организмин күчтүү азыктар менен камсыздашы керектигин баамдай билгендер уюша калып ысык тамак жасап, аны жеткирип жатышат. Журналисттер, ырчылар, дагы башка жарандар күн сайын өзгөчө сүйүү жана ынтаа менен ысык тамак жасашып, ооруканаларга жеткирип, медкызматкерлеринин колуна тапшыруу болуп көрбөгөндөй канагаттануу берип жатканын жарыялашты. Жакында Жалал-Абад шаарында ыктыярчылар тобу медкызматкерлерге тамак-аш менен кошо гүл тартуулап көңүлдөрүн алышты. 
Илдеттин катуу толкуну адеп башталганда кислороддук концентрат менен ИВЛ аппаратынын жетишсиздигине кабылганбыз. Айрым жарандык активисттер жана ырчылар мунун да жолун тез табышты, элден тыйын чогулта салышып, демилгени өздөрүнө алып, Түркияга заказ кылышып, тийиштүү аппараттарды алдырышты. Аларды ооруканаларга бөлүп таратышып, канча деген адамдардын өмүрүн сактап калууга салым кошушту. 
Жакында эле ырчы Сыймык Бейшекеев ырчылардан куралган ыктыярчылар тобу чет өлкөлөрдөн келип жаткан дары-дармектерди күндүзгү жана түнкү стационарларга бөлүштүрүү ишин аркалап жатышканын билдирди. Илдет абада учуп турган жерге дары-дармек ташуунун өзү кандай эрдик. Өзүн унутта калтырып, эл-жер дегенде чуркай турган эр-азаматтарыбыздын көптүгүн билүү үчүн ушундай апаатка туш болушубуз керек беле. 
Кыргыздын биримдиги, кыйын кырдаалда бир адамдай чогуу жол издей билгени, алсызына күчтүүсү кол сунуп жардам бере алганы коңшуларды да таң калтыра баштады. Казакстандагы соцтармактын колдонуучулары кыргыздын кыйындыгын, ынтымагын жазышып, өз элине үлгү катары карманышты. Бул оор күндөр да өтөт, бирок ушундай биримдигибиз өтпөй кала берсе экен.

Булак: "Майдан.kg" газетасы