Коронавируска чалдыккандар үчүн эң чоң жана мыкты жабдылган реанимация мурдагы «Ганси» аскердик базасында. Бул тууралуу далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова билдирди.

«Алгачкы күндөрү тозоктогудай болду,- деп жазган ал социалдык тармакта. - Колдо эч нерсе жок, коркконуңдан жүрөк чыгып кетейин дечү, а бейтаптарды тынымсыз алып келип жатышты. Каргыш тийгир вирус жүздөгөн жарандар менен дарыгерлердин өмүрүн жалмады. Азыр болсо дарыгерлер буттан туруп калышты. Бир түндө катталып жаткан 16 өлүм бирин-экинге түштү. Гансинин реанимациясына алып баргыла»

Барыктабасова «Ганси» стационарындагы 50 реанимациялык орунга жакында дагы 20 кошуларын кошумчалаган.

«Бүгүнкү күндө бул өлкөдөгү эң чоң жана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган реанимация, - деп белгилеген ал. - Ал тургай Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында да 12 эле орун бар, калган ооруканаларда андан аз жана алардын бардыгы толуп калган. Көп ооруканаларда реанимациялык орундар деген таптакыр жок».


Булак: vesti.kg