Медициналык Академиянын 5-курсунун студенти, ыктыярчы Адинай Мырзабекованын көз жумганына бир жумадай болуп калды. Саясатчы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде маркумду тааный турганын, Гансидеги убактылуу ооруканада дарыланып жатканда ыктыярчынын дарылоосунда болгонун айтып берди. 

"Ал жерде 5-6 күн болдум, Адинай мени тынымсыз карап жатты. Тагдыры ушундай болуп калганына биз, бейтаптар да күнөөлүүбүз. Ал узун бойлуу, жакшынакай, өтө ийкемдүү, шагдам, тарбиялуу кыз болчу", - деген саясатчы бир күнү анын абдан кыйналганын байкаганын баяндаган: 

"Көз айнегин тер басып, абдан кыйналганын байкадым. "Кызым, көз айнегиңди алып, бир аз эс алчы", - десем, "Жок, байке, азыр чечкенге болбойт, кезметим бүткөндө чечем", - деген. Ал кыйналып, кысталганына карабай күйүп-бышып чуркап иштеди. Даңк же акча үчүн эмес, ооруп жаткандарга жардам берем деп жатып өзүнүн ооруганын сезбей кете берди". 

Ошондой эле саясатчы бардык медицина кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.