Саясатчы Камчыбек Ташиев ооруп айыккандан кийинки биринчи маегин "Регион" телеканалына берди. Анда саясатчы өзүнүн ооруканадан орун таппай кыйналганын айтып берген.
"Ооруп баштаганымда дароо эле ооруканага жата алган жокмун. Биринчи күнү ЮРФАга келинчегим экөөбүз барып, 3-4 саат кезек күтүп атып да, орунга жете албадык. Кайра үйгө келдик. Экинчи күнү Улуттук госпиталга барсак, эшигин чынжырлап байлап салышыптыр. Ага карабай 5-6 адам кезек күтүп турат. Эл кезек күтүп турса, мен аларды аттап өтүп, мени кабыл алгыла дегеним туура болбойт деп, кайра артка кайттым. Эки күндөн кийин Гансидеги ооруканага бардым, ал жакта да ошол эле көрүнүш, орун жок. Кайра үйгө келип жатып калдым. Ошентип жатып 5 күндү жоготуп, медициналык жардам алуум кечиккендиктен, катуу кыйналып калдым. Мен өз жон терим менен сездим: ооруган адамдарга тез арада медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылбаса, дарт өтүшүп кетет экен", - деди саясатчы.