Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус жана пневмония COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети менен 1020 адам аныкталды. Бул тууралуу 19-июлда Республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 369;
- Ош шаарында 151;
- Чүй облусунда 123;
- Ош облусунда 178;
- Талас облусунда 37;
- Нарын облусунда 31;
- Ысык-Көл облусунда 31;
- Жалал-Абад облусунда 40;
- Баткен облусунда 70.
Жалпысынан айтканда Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети менен 26532 адам катталды.