КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кино оператор Мурат Алиев 71 жаш курагында пневмониядан көз жумду. 

Мурат Алиев белгилүү кино оператор. Ал 1997-2002-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп иштеп, бир катар таланттуу операторлорду өстүргөн. 

Ал отуздан ашуун хроникалык-документалдык тасмаларга операторлук кылган. "Биринчи", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Булут", "Петрарканы окуу", "Улуу Жибек жолу" жана "Курманжат датка" тасмаларында башкы оператор болгон. 

Мурат Алиев 1948-жылы Нарын облусунда төрөлгөн.