Фейсбук социалдык желесине Исхак Эгемназаров аттуу колдонуучу маркум Чубак ажыга Эл Баатыры наамын берүү сунушун жолдоду. Ал коомчулукту бул демилгени колдоого чакырган.
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгаруу, улутубуздун (тирүүлөрдүн) ыйык парзы...!
Кана, журтум, биргеликте демилгени колдойлу!
Эл баатыры болушу үчүн сөзсүз адам бул дүйнөдөн өтүш керекпи деп айтышыңыздар мүмкүн... Кыргыз бир ушундай жан экен, тирүүсүндө бир да инсаныбыздын кадырына жетпейт экенбиз, жетпей келипбиз, жетпейт дагы экенбиз. Аттиң... негедир бул кылыгыбыз кыргыздын канына сиңип калгандай... Бирок, элибизде " ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫНЧА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ" деген улуу акылмандыгыбыз бар эмеспи... Кана эмесе, журтум! Бул демилгени жапа тырмак колдоп, кубаттайлы! Күн-түн дебей кара жанын журт үчүн карч уруп, элибиздин руханий көрөңгөсүн тазартууга, диний сабаттуулугун арттырууга, туура багытка, түз жолго түшүүсүнө жаным, каным дебей талыкпай, чаалыкпай, ак ниети, чын пейили, терең илимдүүлүгү менен опол тоодой эмгек, мээнет, кайрат арнаган ардактуу ААЛЫМЫБЫЗ "ЭЛ БААТЫРЫ" эмей эмне?! Бул жогорку наамды өткөндөн кийин да ыйгара албасак, анда шорубуз куруптур!!! Келиңиздер, бул демилгени жапа тырмак колдоп, бөлүшөлү, пикир калтыралы! Жалгыз дарак токой болбойт!
Кудай Таалам ар бирибизден ыраазы болуп, ажыкебиздин жаткан жери нурдуу болсун!" - деп жазды ал.